Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #25 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
О,адамдар! Силерди жана силерден мурункуларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, такыбалуу болсоңор ажеп эмес
الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ ۖ فَلَا تَجْعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Ал силерге жерди төшөк, асманды чатыр кылды жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы болсун үчүн аны менен көп мөмөлөрдү чыгарды. Эми, билип туруп Аллаһка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла
وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَىٰ عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) Биз түшүргөн Кураандан күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллаһтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор
فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ ۖ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ
Эгер (андай сүрө) жарата албасаңар — эч качан жарата албайсыңар — отуну адамдардан жана таштардан болгон, каапырлар үчүн даярдалган Тозоктон корккула
وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ كُلَّمَا رُزِقُوا مِنْهَا مِنْ ثَمَرَةٍ رِزْقًا ۙ قَالُوا هَٰذَا الَّذِي رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ ۖ وَأُتُوا بِهِ مُتَشَابِهًا ۖ وَلَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ ۖ وَهُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
(Жүрөктөрү менен) ишенип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амалдарды жасаган адамдарга, астынан дарыялар аккан Бейишти сүйүнчүлө! Алар ар качан Бейиштен бир мөмө ооз тийчү болсо: «Биз муну(н окшошун) мурда жеген болчубуз»-дешет. Жана аларга (көрүнүшү жана даамы) бири-бирине окшош мөмөлөр берилет. Алар үчүн Бейиште таза-пакиза жубайлар бар. Алар Бейиште түбөлүк калышат

Choose other languages: