Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #24 Translated in Kyrgyz

يَكَادُ الْبَرْقُ يَخْطَفُ أَبْصَارَهُمْ ۖ كُلَّمَا أَضَاءَ لَهُمْ مَشَوْا فِيهِ وَإِذَا أَظْلَمَ عَلَيْهِمْ قَامُوا ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَذَهَبَ بِسَمْعِهِمْ وَأَبْصَارِهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Чагылган көздөрүн сокур кыла жаздайт. Жарык тийген сайын (бир аз) жүрүп алышат, караңгы болгондо токтоп калышат. Эгер Аллаһ кааласа кулактарын жана көздөрүн (тап-такыр) жок кылып коймок. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
О,адамдар! Силерди жана силерден мурункуларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, такыбалуу болсоңор ажеп эмес
الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ ۖ فَلَا تَجْعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Ал силерге жерди төшөк, асманды чатыр кылды жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы болсун үчүн аны менен көп мөмөлөрдү чыгарды. Эми, билип туруп Аллаһка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла
وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَىٰ عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) Биз түшүргөн Кураандан күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллаһтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор
فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ ۖ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ
Эгер (андай сүрө) жарата албасаңар — эч качан жарата албайсыңар — отуну адамдардан жана таштардан болгон, каапырлар үчүн даярдалган Тозоктон корккула

Choose other languages: