Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #129 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ جَعَلْنَا الْبَيْتَ مَثَابَةً لِلنَّاسِ وَأَمْنًا وَاتَّخِذُوا مِنْ مَقَامِ إِبْرَاهِيمَ مُصَلًّى ۖ وَعَهِدْنَا إِلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ أَنْ طَهِّرَا بَيْتِيَ لِلطَّائِفِينَ وَالْعَاكِفِينَ وَالرُّكَّعِ السُّجُودِ
Жана эстегин, Биз Үйдү (Каабаны) адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып: “Ибрахимдин ордун! ибадат жайы кылып алгыла” (деп буюрдук). Жана Ибрахим менен Ысмайылга: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар,? рукуу жана сажда кылуучулар үчүн (ширктен, күнөөдөн жана нажастардан) тазалагыла” деп вахий (буйрук) кылдык
وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ اجْعَلْ هَٰذَا بَلَدًا آمِنًا وَارْزُقْ أَهْلَهُ مِنَ الثَّمَرَاتِ مَنْ آمَنَ مِنْهُمْ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۖ قَالَ وَمَنْ كَفَرَ فَأُمَتِّعُهُ قَلِيلًا ثُمَّ أَضْطَرُّهُ إِلَىٰ عَذَابِ النَّارِ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Эстегин, Ибрахим (Раббисине дуба кылып) “О, Раббим! Бул жерди тынч шаар кылгын жана анын элинин арасынан Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенген адамдарды (ар түркүн) мөмө-жемиштер менен ырыскыландыра көр!”- дегенде, Аллаһ айтты: “Каапыр болгон адамды дагы (ошол ырыскылар менен) бир аз пайдалантам. Анан Тозок азабына мажбурлап киргизем. Ал кандай жаман акыбет
وَإِذْ يَرْفَعُ إِبْرَاهِيمُ الْقَوَاعِدَ مِنَ الْبَيْتِ وَإِسْمَاعِيلُ رَبَّنَا تَقَبَّلْ مِنَّا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Эстегин, Ибрахим менен (баласы) Ысмайыл экөө Үйдүн (Каабанын) пайдубалын көтөрүп жатып (мындай деп дуба кылышты): “О, Раббибиз! Бизден (ушул ишибизди) кабыл кыла көр! Албетте, Сен Угуучу, Билүүчүсүң
رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا أُمَّةً مُسْلِمَةً لَكَ وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبْ عَلَيْنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
О, Раббибиз! Бизди Өзүңө моюн сунуучулардан кыл! Биздин урпактарыбыздан Өзүңө мусулман (моюн сунуучу) үммөт (чыгар!) Жана бизге (ажы мезгилинде жасалчу) ибадаттарыбызды үйрөт! Биздин тообаларыбызды кабыл кыл! Албетте, Сен тообаны кабыл кылуучу, Мээримдүүсуң
رَبَّنَا وَابْعَثْ فِيهِمْ رَسُولًا مِنْهُمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِكَ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَيُزَكِّيهِمْ ۚ إِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
О, Раббибиз! Алардын (урпактарыбыздын) арасынан, аларга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды (ширктен ж.б. күнөө иштерден) тазартуучу бир пайгамбар жибер! Албетте, Өзүң Жеңүүчү жана Даанышмансың!”

Choose other languages: