Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #132 Translated in Kyrgyz

رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا أُمَّةً مُسْلِمَةً لَكَ وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبْ عَلَيْنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
О, Раббибиз! Бизди Өзүңө моюн сунуучулардан кыл! Биздин урпактарыбыздан Өзүңө мусулман (моюн сунуучу) үммөт (чыгар!) Жана бизге (ажы мезгилинде жасалчу) ибадаттарыбызды үйрөт! Биздин тообаларыбызды кабыл кыл! Албетте, Сен тообаны кабыл кылуучу, Мээримдүүсуң
رَبَّنَا وَابْعَثْ فِيهِمْ رَسُولًا مِنْهُمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِكَ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَيُزَكِّيهِمْ ۚ إِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
О, Раббибиз! Алардын (урпактарыбыздын) арасынан, аларга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды (ширктен ж.б. күнөө иштерден) тазартуучу бир пайгамбар жибер! Албетте, Өзүң Жеңүүчү жана Даанышмансың!”
وَمَنْ يَرْغَبُ عَنْ مِلَّةِ إِبْرَاهِيمَ إِلَّا مَنْ سَفِهَ نَفْسَهُ ۚ وَلَقَدِ اصْطَفَيْنَاهُ فِي الدُّنْيَا ۖ وَإِنَّهُ فِي الْآخِرَةِ لَمِنَ الصَّالِحِينَ
Ибрахимдин Дининен? наадан адамдар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө (элдерге жолбашчы кылып) тандап алдык жана ал Акыретте да (жогорку даражалуу) салих адамдардан
إِذْ قَالَ لَهُ رَبُّهُ أَسْلِمْ ۖ قَالَ أَسْلَمْتُ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ
Эстегин, Раббиси ага “Мусулман бол!” (Өзүмө гана моюн сун!) дегенде, ал (ыклас жана сүйүү менен) “Ааламдардын Раббисине моюн сундум (мусулман болдум)” деди
وَوَصَّىٰ بِهَا إِبْرَاهِيمُ بَنِيهِ وَيَعْقُوبُ يَا بَنِيَّ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَىٰ لَكُمُ الدِّينَ فَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنْتُمْ مُسْلِمُونَ
Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Жана Яькуб дагы балдарына: “О, балдарым, Аллаһ силерге ушул динди тандады. Эми, силер (жалгыз Аллаһтын Өзүнө) моюн сунган (мусулман) абалда гана өлгүлө” деп осуят кылган

Choose other languages: