Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #128 Translated in Kyrgyz

وَإِذِ ابْتَلَىٰ إِبْرَاهِيمَ رَبُّهُ بِكَلِمَاتٍ فَأَتَمَّهُنَّ ۖ قَالَ إِنِّي جَاعِلُكَ لِلنَّاسِ إِمَامًا ۖ قَالَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي ۖ قَالَ لَا يَنَالُ عَهْدِي الظَّالِمِينَ
Эстегин: Раббиси Ибрахимди бир нече сөздөр менен сынады эле, аларды толук аткарды. (Анан ага) “Мен сени (бардык) адамдарга (динде) жолбашчы кыламын” деди. (Ибрахим) айтты: “Менин урпактарымдан дагы (жолбашчылар чыгара көр) ! (Анда Аллаһ:) “Менин убадам заалым (каапыр) адамдарга тийбейт” -деди
وَإِذْ جَعَلْنَا الْبَيْتَ مَثَابَةً لِلنَّاسِ وَأَمْنًا وَاتَّخِذُوا مِنْ مَقَامِ إِبْرَاهِيمَ مُصَلًّى ۖ وَعَهِدْنَا إِلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ أَنْ طَهِّرَا بَيْتِيَ لِلطَّائِفِينَ وَالْعَاكِفِينَ وَالرُّكَّعِ السُّجُودِ
Жана эстегин, Биз Үйдү (Каабаны) адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып: “Ибрахимдин ордун! ибадат жайы кылып алгыла” (деп буюрдук). Жана Ибрахим менен Ысмайылга: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар,? рукуу жана сажда кылуучулар үчүн (ширктен, күнөөдөн жана нажастардан) тазалагыла” деп вахий (буйрук) кылдык
وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ اجْعَلْ هَٰذَا بَلَدًا آمِنًا وَارْزُقْ أَهْلَهُ مِنَ الثَّمَرَاتِ مَنْ آمَنَ مِنْهُمْ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۖ قَالَ وَمَنْ كَفَرَ فَأُمَتِّعُهُ قَلِيلًا ثُمَّ أَضْطَرُّهُ إِلَىٰ عَذَابِ النَّارِ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Эстегин, Ибрахим (Раббисине дуба кылып) “О, Раббим! Бул жерди тынч шаар кылгын жана анын элинин арасынан Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенген адамдарды (ар түркүн) мөмө-жемиштер менен ырыскыландыра көр!”- дегенде, Аллаһ айтты: “Каапыр болгон адамды дагы (ошол ырыскылар менен) бир аз пайдалантам. Анан Тозок азабына мажбурлап киргизем. Ал кандай жаман акыбет
وَإِذْ يَرْفَعُ إِبْرَاهِيمُ الْقَوَاعِدَ مِنَ الْبَيْتِ وَإِسْمَاعِيلُ رَبَّنَا تَقَبَّلْ مِنَّا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Эстегин, Ибрахим менен (баласы) Ысмайыл экөө Үйдүн (Каабанын) пайдубалын көтөрүп жатып (мындай деп дуба кылышты): “О, Раббибиз! Бизден (ушул ишибизди) кабыл кыла көр! Албетте, Сен Угуучу, Билүүчүсүң
رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا أُمَّةً مُسْلِمَةً لَكَ وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبْ عَلَيْنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
О, Раббибиз! Бизди Өзүңө моюн сунуучулардан кыл! Биздин урпактарыбыздан Өзүңө мусулман (моюн сунуучу) үммөт (чыгар!) Жана бизге (ажы мезгилинде жасалчу) ибадаттарыбызды үйрөт! Биздин тообаларыбызды кабыл кыл! Албетте, Сен тообаны кабыл кылуучу, Мээримдүүсуң

Choose other languages: