Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #97 Translated in Kyrgyz

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ قَالَ أُوحِيَ إِلَيَّ وَلَمْ يُوحَ إِلَيْهِ شَيْءٌ وَمَنْ قَالَ سَأُنْزِلُ مِثْلَ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ ۗ وَلَوْ تَرَىٰ إِذِ الظَّالِمُونَ فِي غَمَرَاتِ الْمَوْتِ وَالْمَلَائِكَةُ بَاسِطُو أَيْدِيهِمْ أَخْرِجُوا أَنْفُسَكُمُ ۖ الْيَوْمَ تُجْزَوْنَ عَذَابَ الْهُونِ بِمَا كُنْتُمْ تَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ غَيْرَ الْحَقِّ وَكُنْتُمْ عَنْ آيَاتِهِ تَسْتَكْبِرُونَ
Өзүнө эч кандай вахий келбесе деле, Аллаһ жөнүндө жалганды ойлоп таап: “Мага Аллаһтан вахий келди” жана “Мен деле Аллаһ түшүргөн сыяктуу Дин-Шарият түшүрө (түзө) аламын” деген адамдардан өткөн заалым барбы?! Сен ошол заалымдардын өлүм далбасасында жаткан мезгилдегисин жана периштелер аларга колун созуп (сабап-кыйнап): “Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллаһтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллаһтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар” дегенин бир көрсөң
وَلَقَدْ جِئْتُمُونَا فُرَادَىٰ كَمَا خَلَقْنَاكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَتَرَكْتُمْ مَا خَوَّلْنَاكُمْ وَرَاءَ ظُهُورِكُمْ ۖ وَمَا نَرَىٰ مَعَكُمْ شُفَعَاءَكُمُ الَّذِينَ زَعَمْتُمْ أَنَّهُمْ فِيكُمْ شُرَكَاءُ ۚ لَقَدْ تَقَطَّعَ بَيْنَكُمْ وَضَلَّ عَنْكُمْ مَا كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, өзүңөр жалгыз келдиңер го, Бизге! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, жардамчы ж.б.у.с.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллаһтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды деле көрбөй жатабыз?! Араңар үзүлдү! Жана силер (пайда деп) ойлогон нерсеңер жок болду
إِنَّ اللَّهَ فَالِقُ الْحَبِّ وَالنَّوَىٰ ۖ يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَمُخْرِجُ الْمَيِّتِ مِنَ الْحَيِّ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
Аллаһ данды да, данекти да жаруучу!! Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат!” (Ал) ушундай Аллаһ! Дагы (Өзүнө сыйынбай) кайда кетип баратасыңар
فَالِقُ الْإِصْبَاحِ وَجَعَلَ اللَّيْلَ سَكَنًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ حُسْبَانًا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ
(Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу. Жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул — Жеңүүчү Кудуретүү, Билүүчү Аллаһтын тагдыры
وَهُوَ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ النُّجُومَ لِتَهْتَدُوا بِهَا فِي ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ ۗ قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Жана Ал жылдыздарды силер үчүн, аны менен деңиздер менен кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (мына ушинтип) толук баян кылдык

Choose other languages: