Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #98 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ جِئْتُمُونَا فُرَادَىٰ كَمَا خَلَقْنَاكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَتَرَكْتُمْ مَا خَوَّلْنَاكُمْ وَرَاءَ ظُهُورِكُمْ ۖ وَمَا نَرَىٰ مَعَكُمْ شُفَعَاءَكُمُ الَّذِينَ زَعَمْتُمْ أَنَّهُمْ فِيكُمْ شُرَكَاءُ ۚ لَقَدْ تَقَطَّعَ بَيْنَكُمْ وَضَلَّ عَنْكُمْ مَا كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, өзүңөр жалгыз келдиңер го, Бизге! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, жардамчы ж.б.у.с.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллаһтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды деле көрбөй жатабыз?! Араңар үзүлдү! Жана силер (пайда деп) ойлогон нерсеңер жок болду
إِنَّ اللَّهَ فَالِقُ الْحَبِّ وَالنَّوَىٰ ۖ يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَمُخْرِجُ الْمَيِّتِ مِنَ الْحَيِّ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
Аллаһ данды да, данекти да жаруучу!! Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат!” (Ал) ушундай Аллаһ! Дагы (Өзүнө сыйынбай) кайда кетип баратасыңар
فَالِقُ الْإِصْبَاحِ وَجَعَلَ اللَّيْلَ سَكَنًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ حُسْبَانًا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ
(Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу. Жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул — Жеңүүчү Кудуретүү, Билүүчү Аллаһтын тагдыры
وَهُوَ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ النُّجُومَ لِتَهْتَدُوا بِهَا فِي ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ ۗ قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Жана Ал жылдыздарды силер үчүн, аны менен деңиздер менен кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (мына ушинтип) толук баян кылдык
وَهُوَ الَّذِي أَنْشَأَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ فَمُسْتَقَرٌّ وَمُسْتَوْدَعٌ ۗ قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَفْقَهُونَ
Жана Ал силердин жаратылышыңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат).* Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык

Choose other languages: