Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #57 Translated in Kyrgyz

وَكَذَٰلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لِيَقُولُوا أَهَٰؤُلَاءِ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنْ بَيْنِنَا ۗ أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِالشَّاكِرِينَ
“Биздин арабыздан Аллаһ нээмат бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберлене) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллаһ көбүрөөк Билүүчү эмеспи
وَإِذَا جَاءَكَ الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِنَا فَقُلْ سَلَامٌ عَلَيْكُمْ ۖ كَتَبَ رَبُّكُمْ عَلَىٰ نَفْسِهِ الرَّحْمَةَ ۖ أَنَّهُ مَنْ عَمِلَ مِنْكُمْ سُوءًا بِجَهَالَةٍ ثُمَّ تَابَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَصْلَحَ فَأَنَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Сиздерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, соңунан тооба келтирип, салих амал кылса, албетте, Ал (Аллаһ) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын
وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ وَلِتَسْتَبِينَ سَبِيلُ الْمُجْرِمِينَ
Биз, кылмышкер адамдардын жолу айкын болушу (жана силер ал жолдон сак болушуңар) үчүн Өзүбүздүн аяттарды мына ушинтип толук баяндайбыз
قُلْ إِنِّي نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۚ قُلْ لَا أَتَّبِعُ أَهْوَاءَكُمْ ۙ قَدْ ضَلَلْتُ إِذًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُهْتَدِينَ
Айткын: “Мен, Аллаһтан башка силер жалбарып, дуба кыла тургандарга (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, Туура Жол тапкандардан болбой калам”
قُلْ إِنِّي عَلَىٰ بَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّي وَكَذَّبْتُمْ بِهِ ۚ مَا عِنْدِي مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِ ۚ إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۖ يَقُصُّ الْحَقَّ ۖ وَهُوَ خَيْرُ الْفَاصِلِينَ
Айткын: “(О, мушриктер), мен Раббим тарабынан берилген анык далилдердин үстүндөмүн. Силер болсо, аны “жалган” деп жатасыңар. Силер шаштырып жаткан нерсе (азап) менин алдымда эмес. Өкүм Аллаһтын Өзүнө гана тиешелүү. Ал акыйкатты ажырым кылат. Ал эң жакшы ажырым кылуучу

Choose other languages: