Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #56 Translated in Kyrgyz

وَلَا تَطْرُدِ الَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ بِالْغَدَاةِ وَالْعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُ ۖ مَا عَلَيْكَ مِنْ حِسَابِهِمْ مِنْ شَيْءٍ وَمَا مِنْ حِسَابِكَ عَلَيْهِمْ مِنْ شَيْءٍ فَتَطْرُدَهُمْ فَتَكُونَ مِنَ الظَّالِمِينَ
Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн каалап дуба кылган (такыба) кишилерди (алдыңдан) айдабагын! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңен аларга эч нерсе жок. Аларды айдап, заалым адамдардан болбогун
وَكَذَٰلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لِيَقُولُوا أَهَٰؤُلَاءِ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنْ بَيْنِنَا ۗ أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِالشَّاكِرِينَ
“Биздин арабыздан Аллаһ нээмат бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберлене) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллаһ көбүрөөк Билүүчү эмеспи
وَإِذَا جَاءَكَ الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِنَا فَقُلْ سَلَامٌ عَلَيْكُمْ ۖ كَتَبَ رَبُّكُمْ عَلَىٰ نَفْسِهِ الرَّحْمَةَ ۖ أَنَّهُ مَنْ عَمِلَ مِنْكُمْ سُوءًا بِجَهَالَةٍ ثُمَّ تَابَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَصْلَحَ فَأَنَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Сиздерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, соңунан тооба келтирип, салих амал кылса, албетте, Ал (Аллаһ) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын
وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ وَلِتَسْتَبِينَ سَبِيلُ الْمُجْرِمِينَ
Биз, кылмышкер адамдардын жолу айкын болушу (жана силер ал жолдон сак болушуңар) үчүн Өзүбүздүн аяттарды мына ушинтип толук баяндайбыз
قُلْ إِنِّي نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۚ قُلْ لَا أَتَّبِعُ أَهْوَاءَكُمْ ۙ قَدْ ضَلَلْتُ إِذًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُهْتَدِينَ
Айткын: “Мен, Аллаһтан башка силер жалбарып, дуба кыла тургандарга (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, Туура Жол тапкандардан болбой калам”

Choose other languages: