Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #106 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ فَاعْبُدُوهُ ۚ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ
Ушул Аллаһ - силердин Раббиңер!! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Жана Ал бардык нерселердин Башкаруучусу
لَا تُدْرِكُهُ الْأَبْصَارُ وَهُوَ يُدْرِكُ الْأَبْصَارَ ۖ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ
Көздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт.” Ал (Аллаһ) Латиф? (жана) Кабардар
قَدْ جَاءَكُمْ بَصَائِرُ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ فَمَنْ أَبْصَرَ فَلِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ عَمِيَ فَعَلَيْهَا ۚ وَمَا أَنَا عَلَيْكُمْ بِحَفِيظٍ
(О, Мухаммад, адамдарга айт:) «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өз пайдасы. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө корукчу эмесмин.»
وَكَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ وَلِيَقُولُوا دَرَسْتَ وَلِنُبَيِّنَهُ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Кураанды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү шекилде тизмектеп бердик
اتَّبِعْ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
Өзүңө Раббиң тарабынан вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчигин. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Жана сен мушриктерден жүз бур

Choose other languages: