Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Ahqaf Ayahs #25 Translated in Kyrgyz

وَاذْكُرْ أَخَا عَادٍ إِذْ أَنْذَرَ قَوْمَهُ بِالْأَحْقَافِ وَقَدْ خَلَتِ النُّذُرُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
(О, Мухаммад!) сен Аад (коомунун) бурадарын! эстегин. Бир кезде ал кум бархандарын(ын арасын)дагы коомун (тозок азабынан) эскерткен эле. Андан мурун жана кийин да эскертүүчү-пайгамбарлар өткөн. (Ошентип, ал коомуна): «Аллаһтан башка «кудайларга» ибадат кылбагыла! Чынында, мен силерге Улуу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун!» (деди)
قَالُوا أَجِئْتَنَا لِتَأْفِكَنَا عَنْ آلِهَتِنَا فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
(Коому) айтты: «Сен эмне, бизди өз «кудайларыбыздан» кайтарганы келдиңби? Эгер чынчыл кишилерден болсоң, бизге убада кылган(азаб)ыңды (тезирээк) келтирчи?!»
قَالَ إِنَّمَا الْعِلْمُ عِنْدَ اللَّهِ وَأُبَلِّغُكُمْ مَا أُرْسِلْتُ بِهِ وَلَٰكِنِّي أَرَاكُمْ قَوْمًا تَجْهَلُونَ
(Худ) айтты: «(Азап качан келээри жөнүндөгү) илим Аллаһтын гана алдында. А мен болсо өзүмө жүктөлгөн нерсени (динди) силерге жеткиремин. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүүдөмүн
فَلَمَّا رَأَوْهُ عَارِضًا مُسْتَقْبِلَ أَوْدِيَتِهِمْ قَالُوا هَٰذَا عَارِضٌ مُمْطِرُنَا ۚ بَلْ هُوَ مَا اسْتَعْجَلْتُمْ بِهِ ۖ رِيحٌ فِيهَا عَذَابٌ أَلِيمٌ
Анан, качан алар өздөрүнүн өрөөндөрүнө келе жаткан «булутту»! көргөндө (сүйүнүп): «Бул бизге жамгыр жаадыруучу булут» дешти. Жок! Ал силер аны шаштырып сураган нерсе. (Ал) — бороон! Анда (силер үчүн) жан ооруткан азап бар
تُدَمِّرُ كُلَّ شَيْءٍ بِأَمْرِ رَبِّهَا فَأَصْبَحُوا لَا يُرَىٰ إِلَّا مَسَاكِنُهُمْ ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِي الْقَوْمَ الْمُجْرِمِينَ
Ал (бороон) Раббисинин буйругу менен бардык нерселерди талкалап жиберди! Анан... алардын (теп-тегиз болуп калган) короолорунан башка эч нерсе көрүнбөй калды! Биз күнөөкөр коомду ушинтип жазалайбыз

Choose other languages: