Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Ahqaf Ayahs #24 Translated in Kyrgyz

وَيَوْمَ يُعْرَضُ الَّذِينَ كَفَرُوا عَلَى النَّارِ أَذْهَبْتُمْ طَيِّبَاتِكُمْ فِي حَيَاتِكُمُ الدُّنْيَا وَاسْتَمْتَعْتُمْ بِهَا فَالْيَوْمَ تُجْزَوْنَ عَذَابَ الْهُونِ بِمَا كُنْتُمْ تَسْتَكْبِرُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَبِمَا كُنْتُمْ تَفْسُقُونَ
Каапыр адамдар тозокко бет маңдай алып келингенде (аларга айтылат): «Силер (бардык) жыргалыңарды дүйнө жашооңордо кетирип алдыңар жана ал (жыргалдар) менен (ошол жакта) пайдаланып бүттүңөр! Эми бүгүн, жер бетинде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөнүңөргө жараша жана бузуку болгонуңарга жараша кордук азабы менен жазаланасыңар
وَاذْكُرْ أَخَا عَادٍ إِذْ أَنْذَرَ قَوْمَهُ بِالْأَحْقَافِ وَقَدْ خَلَتِ النُّذُرُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
(О, Мухаммад!) сен Аад (коомунун) бурадарын! эстегин. Бир кезде ал кум бархандарын(ын арасын)дагы коомун (тозок азабынан) эскерткен эле. Андан мурун жана кийин да эскертүүчү-пайгамбарлар өткөн. (Ошентип, ал коомуна): «Аллаһтан башка «кудайларга» ибадат кылбагыла! Чынында, мен силерге Улуу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун!» (деди)
قَالُوا أَجِئْتَنَا لِتَأْفِكَنَا عَنْ آلِهَتِنَا فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
(Коому) айтты: «Сен эмне, бизди өз «кудайларыбыздан» кайтарганы келдиңби? Эгер чынчыл кишилерден болсоң, бизге убада кылган(азаб)ыңды (тезирээк) келтирчи?!»
قَالَ إِنَّمَا الْعِلْمُ عِنْدَ اللَّهِ وَأُبَلِّغُكُمْ مَا أُرْسِلْتُ بِهِ وَلَٰكِنِّي أَرَاكُمْ قَوْمًا تَجْهَلُونَ
(Худ) айтты: «(Азап качан келээри жөнүндөгү) илим Аллаһтын гана алдында. А мен болсо өзүмө жүктөлгөн нерсени (динди) силерге жеткиремин. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүүдөмүн
فَلَمَّا رَأَوْهُ عَارِضًا مُسْتَقْبِلَ أَوْدِيَتِهِمْ قَالُوا هَٰذَا عَارِضٌ مُمْطِرُنَا ۚ بَلْ هُوَ مَا اسْتَعْجَلْتُمْ بِهِ ۖ رِيحٌ فِيهَا عَذَابٌ أَلِيمٌ
Анан, качан алар өздөрүнүн өрөөндөрүнө келе жаткан «булутту»! көргөндө (сүйүнүп): «Бул бизге жамгыр жаадыруучу булут» дешти. Жок! Ал силер аны шаштырып сураган нерсе. (Ал) — бороон! Анда (силер үчүн) жан ооруткан азап бар

Choose other languages: