Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #52 Translated in Kyrgyz

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (Кыямат) качан келет?»
مَا يَنْظُرُونَ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً تَأْخُذُهُمْ وَهُمْ يَخِصِّمُونَ
Алар (эч нерседен бейкапар) өз ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.”
فَلَا يَسْتَطِيعُونَ تَوْصِيَةً وَلَا إِلَىٰ أَهْلِهِمْ يَرْجِعُونَ
(Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт
وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَإِذَا هُمْ مِنَ الْأَجْدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يَنْسِلُونَ
Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббисине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат
قَالُوا يَا وَيْلَنَا مَنْ بَعَثَنَا مِنْ مَرْقَدِنَا ۜ ۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ الرَّحْمَٰنُ وَصَدَقَ الْمُرْسَلُونَ
(Жана) айтышат: «О, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»

Choose other languages: