Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #55 Translated in Kyrgyz

وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَإِذَا هُمْ مِنَ الْأَجْدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يَنْسِلُونَ
Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббисине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат
قَالُوا يَا وَيْلَنَا مَنْ بَعَثَنَا مِنْ مَرْقَدِنَا ۜ ۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ الرَّحْمَٰنُ وَصَدَقَ الْمُرْسَلُونَ
(Жана) айтышат: «О, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»
إِنْ كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً فَإِذَا هُمْ جَمِيعٌ لَدَيْنَا مُحْضَرُونَ
Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат
فَالْيَوْمَ لَا تُظْلَمُ نَفْسٌ شَيْئًا وَلَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза аласыңар
إِنَّ أَصْحَابَ الْجَنَّةِ الْيَوْمَ فِي شُغُلٍ فَاكِهُونَ
Ал Күнү Бейиш элдери кубаныч менен гана алек

Choose other languages: