Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #51 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنُطْعِمُ مَنْ لَوْ يَشَاءُ اللَّهُ أَطْعَمَهُ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Эгер аларга: «Аллаһ ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла»-деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллаһ Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!»-дешет
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (Кыямат) качан келет?»
مَا يَنْظُرُونَ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً تَأْخُذُهُمْ وَهُمْ يَخِصِّمُونَ
Алар (эч нерседен бейкапар) өз ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.”
فَلَا يَسْتَطِيعُونَ تَوْصِيَةً وَلَا إِلَىٰ أَهْلِهِمْ يَرْجِعُونَ
(Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт
وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَإِذَا هُمْ مِنَ الْأَجْدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يَنْسِلُونَ
Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббисине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат

Choose other languages: