Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

قَالُوا مَا أَنْتُمْ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا وَمَا أَنْزَلَ الرَّحْمَٰنُ مِنْ شَيْءٍ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا تَكْذِبُونَ
(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллаһ) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»
قَالُوا رَبُّنَا يَعْلَمُ إِنَّا إِلَيْكُمْ لَمُرْسَلُونَ
Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз
وَمَا عَلَيْنَا إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат»
قَالُوا إِنَّا تَطَيَّرْنَا بِكُمْ ۖ لَئِنْ لَمْ تَنْتَهُوا لَنَرْجُمَنَّكُمْ وَلَيَمَسَّنَّكُمْ مِنَّا عَذَابٌ أَلِيمٌ
(Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (каражолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди ташбараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»
قَالُوا طَائِرُكُمْ مَعَكُمْ ۚ أَئِنْ ذُكِّرْتُمْ ۚ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ مُسْرِفُونَ
«Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бере-сиңерби)?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!»-дешти (пайгамбарлар)

Choose other languages: