Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ آتَيْنَا دَاوُودَ مِنَّا فَضْلًا ۖ يَا جِبَالُ أَوِّبِي مَعَهُ وَالطَّيْرَ ۖ وَأَلَنَّا لَهُ الْحَدِيدَ
Биз Даудга Өз пазилетибизден бердик: «О, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!»! (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип
أَنِ اعْمَلْ سَابِغَاتٍ وَقَدِّرْ فِي السَّرْدِ ۖ وَاعْمَلُوا صَالِحًا ۖ إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
«Зоот кийимдерди токугун жана тизмектерин (жакшылап) ченегин!” (О, Дауддун үй-бүлөсү!) Салих амалдарды кылгыла! Мен силердин ишиңерди көрүп туруучумун» дедик
وَلِسُلَيْمَانَ الرِّيحَ غُدُوُّهَا شَهْرٌ وَرَوَاحُهَا شَهْرٌ ۖ وَأَسَلْنَا لَهُ عَيْنَ الْقِطْرِ ۖ وَمِنَ الْجِنِّ مَنْ يَعْمَلُ بَيْنَ يَدَيْهِ بِإِذْنِ رَبِّهِ ۖ وَمَنْ يَزِغْ مِنْهُمْ عَنْ أَمْرِنَا نُذِقْهُ مِنْ عَذَابِ السَّعِيرِ
Жана Биз Сулайманга барышы — бир айлык, келиши — бир айлык (тездиктеги) шамалды моюн сундуруп бердик жана ага (суудай аккан) жез булагын жибердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астында иштей турган жиндерди да (ага кызматчы кылып койдук). Алардан кимиси Биздин амирибизден четке чыкса, ага тозок отун(ун «даамын») таттырып коёбуз
يَعْمَلُونَ لَهُ مَا يَشَاءُ مِنْ مَحَارِيبَ وَتَمَاثِيلَ وَجِفَانٍ كَالْجَوَابِ وَقُدُورٍ رَاسِيَاتٍ ۚ اعْمَلُوا آلَ دَاوُودَ شُكْرًا ۚ وَقَلِيلٌ مِنْ عِبَادِيَ الشَّكُورُ
Алар (жиндер) ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу (чоң) идиштерди, чуңкур-терең (жана чоң) казандарды (мистен) жасап беришет. О, Дауддун үй-бүлөсү! Шүгүр кылгыла жана (салих) амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз санда
فَلَمَّا قَضَيْنَا عَلَيْهِ الْمَوْتَ مَا دَلَّهُمْ عَلَىٰ مَوْتِهِ إِلَّا دَابَّةُ الْأَرْضِ تَأْكُلُ مِنْسَأَتَهُ ۖ فَلَمَّا خَرَّ تَبَيَّنَتِ الْجِنُّ أَنْ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ الْغَيْبَ مَا لَبِثُوا فِي الْعَذَابِ الْمُهِينِ
Качан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда аса-таягын жеп бүтүргөн жер жаныбары (курт) анын өлгөнүн жиндерге билдирип койду: (Аса-таяк сынып) ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты.! Эгер алар (жиндер) кайыпты билгенде, (бул) кордук азабында калышпайт болчу

Choose other languages: