Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

أَفَلَمْ يَرَوْا إِلَىٰ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۚ إِنْ نَشَأْ نَخْسِفْ بِهِمُ الْأَرْضَ أَوْ نُسْقِطْ عَلَيْهِمْ كِسَفًا مِنَ السَّمَاءِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِكُلِّ عَبْدٍ مُنِيبٍ
Алар алды-артындагы: Асмандагы жана жердеги нерселерге карап, ойлонушпайбы?! Эгер Биз кааласак, аларды жерге жуткуруп жиберебиз же болбосо, үстүнө асманды бөлүп, барчалап, түшүрүп жиберебиз! Мында ар бир тооба кылган пенде үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар
وَلَقَدْ آتَيْنَا دَاوُودَ مِنَّا فَضْلًا ۖ يَا جِبَالُ أَوِّبِي مَعَهُ وَالطَّيْرَ ۖ وَأَلَنَّا لَهُ الْحَدِيدَ
Биз Даудга Өз пазилетибизден бердик: «О, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!»! (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип
أَنِ اعْمَلْ سَابِغَاتٍ وَقَدِّرْ فِي السَّرْدِ ۖ وَاعْمَلُوا صَالِحًا ۖ إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
«Зоот кийимдерди токугун жана тизмектерин (жакшылап) ченегин!” (О, Дауддун үй-бүлөсү!) Салих амалдарды кылгыла! Мен силердин ишиңерди көрүп туруучумун» дедик
وَلِسُلَيْمَانَ الرِّيحَ غُدُوُّهَا شَهْرٌ وَرَوَاحُهَا شَهْرٌ ۖ وَأَسَلْنَا لَهُ عَيْنَ الْقِطْرِ ۖ وَمِنَ الْجِنِّ مَنْ يَعْمَلُ بَيْنَ يَدَيْهِ بِإِذْنِ رَبِّهِ ۖ وَمَنْ يَزِغْ مِنْهُمْ عَنْ أَمْرِنَا نُذِقْهُ مِنْ عَذَابِ السَّعِيرِ
Жана Биз Сулайманга барышы — бир айлык, келиши — бир айлык (тездиктеги) шамалды моюн сундуруп бердик жана ага (суудай аккан) жез булагын жибердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астында иштей турган жиндерди да (ага кызматчы кылып койдук). Алардан кимиси Биздин амирибизден четке чыкса, ага тозок отун(ун «даамын») таттырып коёбуз
يَعْمَلُونَ لَهُ مَا يَشَاءُ مِنْ مَحَارِيبَ وَتَمَاثِيلَ وَجِفَانٍ كَالْجَوَابِ وَقُدُورٍ رَاسِيَاتٍ ۚ اعْمَلُوا آلَ دَاوُودَ شُكْرًا ۚ وَقَلِيلٌ مِنْ عِبَادِيَ الشَّكُورُ
Алар (жиндер) ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу (чоң) идиштерди, чуңкур-терең (жана чоң) казандарды (мистен) жасап беришет. О, Дауддун үй-бүлөсү! Шүгүр кылгыла жана (салих) амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз санда

Choose other languages: