Quran Apps in many lanuages:

Surah Ibrahim Ayahs #48 Translated in Kyrgyz

وَأَنْذِرِ النَّاسَ يَوْمَ يَأْتِيهِمُ الْعَذَابُ فَيَقُولُ الَّذِينَ ظَلَمُوا رَبَّنَا أَخِّرْنَا إِلَىٰ أَجَلٍ قَرِيبٍ نُجِبْ دَعْوَتَكَ وَنَتَّبِعِ الرُّسُلَ ۗ أَوَلَمْ تَكُونُوا أَقْسَمْتُمْ مِنْ قَبْلُ مَا لَكُمْ مِنْ زَوَالٍ
Сен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле
وَسَكَنْتُمْ فِي مَسَاكِنِ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ وَتَبَيَّنَ لَكُمْ كَيْفَ فَعَلْنَا بِهِمْ وَضَرَبْنَا لَكُمُ الْأَمْثَالَ
Жана өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге мисалдарда келтирген элек
وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِنْدَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِنْ كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ
Алар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллаһтын алдында (белгилүү)
فَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِ رُسُلَهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ
Сен Аллаһ Өзүнүн пайгамбарларына («заалымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллаһ Кудуреттүү жана өч алуучу
يَوْمَ تُبَدَّلُ الْأَرْضُ غَيْرَ الْأَرْضِ وَالسَّمَاوَاتُ ۖ وَبَرَزُوا لِلَّهِ الْوَاحِدِ الْقَهَّارِ
(Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллаһка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)

Choose other languages: