Quran Apps in many lanuages:

Surah Ibrahim Ayahs #51 Translated in Kyrgyz

فَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِ رُسُلَهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ
Сен Аллаһ Өзүнүн пайгамбарларына («заалымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллаһ Кудуреттүү жана өч алуучу
يَوْمَ تُبَدَّلُ الْأَرْضُ غَيْرَ الْأَرْضِ وَالسَّمَاوَاتُ ۖ وَبَرَزُوا لِلَّهِ الْوَاحِدِ الْقَهَّارِ
(Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллаһка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)
وَتَرَى الْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍ مُقَرَّنِينَ فِي الْأَصْفَادِ
Сен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң
سَرَابِيلُهُمْ مِنْ قَطِرَانٍ وَتَغْشَىٰ وُجُوهَهُمُ النَّارُ
(Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. Бул азаптар Аллаһ тарабынан зулум эмес, тескерисинче
لِيَجْزِيَ اللَّهُ كُلَّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ
Аллаһ ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллаһ тез эсептешүүчү

Choose other languages: