Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #63 Translated in Kyrgyz

إِنَّ السَّاعَةَ لَآتِيَةٌ لَا رَيْبَ فِيهَا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ
Чынында саат (Кыямат) анык келүүчү. Анда эч күмөн жок. Бирок, көп адамдар ыйман келтирбей жатышат
وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ
Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет
اللَّهُ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَالنَّهَارَ مُبْصِرًا ۚ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ
Аллаһ силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллаһ аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат
ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
Ушул Аллаһ — силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар
كَذَٰلِكَ يُؤْفَكُ الَّذِينَ كَانُوا بِآيَاتِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ
Аллаһтын аяттарын тааныбай койгон адамдар ушинтип бурулуп кете беришет

Choose other languages: