Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #64 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ
Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет
اللَّهُ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَالنَّهَارَ مُبْصِرًا ۚ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ
Аллаһ силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллаһ аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат
ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
Ушул Аллаһ — силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар
كَذَٰلِكَ يُؤْفَكُ الَّذِينَ كَانُوا بِآيَاتِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ
Аллаһтын аяттарын тааныбай койгон адамдар ушинтип бурулуп кете беришет
اللَّهُ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ قَرَارًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَصَوَّرَكُمْ فَأَحْسَنَ صُوَرَكُمْ وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ ۖ فَتَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ
Аллаһ силерге жерди үй, асманды там кылып берди. Жана силерге шекил-сүрөт берип, эң мыкты келбеттүү кылып жаратты. Жана силерге (ар түрдүү) таза-пакиза ырыскыларды берди. Ушул Аллаһ силердин Раббиңер! Ааламдардын Раббиси Аллаһ Улук-Берекеттүү

Choose other languages: