Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #66 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
Ушул Аллаһ — силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар
كَذَٰلِكَ يُؤْفَكُ الَّذِينَ كَانُوا بِآيَاتِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ
Аллаһтын аяттарын тааныбай койгон адамдар ушинтип бурулуп кете беришет
اللَّهُ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ قَرَارًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَصَوَّرَكُمْ فَأَحْسَنَ صُوَرَكُمْ وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ ۖ فَتَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ
Аллаһ силерге жерди үй, асманды там кылып берди. Жана силерге шекил-сүрөт берип, эң мыкты келбеттүү кылып жаратты. Жана силерге (ар түрдүү) таза-пакиза ырыскыларды берди. Ушул Аллаһ силердин Раббиңер! Ааламдардын Раббиси Аллаһ Улук-Берекеттүү
هُوَ الْحَيُّ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ فَادْعُوهُ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ ۗ الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Ал (түбөлүк) Тирүү! Эч бир кудай жок, Бир Өзү гана бар! Демек. Дин ибадатты Бир Өзүнө арнап, Бир Өзүнө дуба кылгыла! Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоо(лор) болсун
قُلْ إِنِّي نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَمَّا جَاءَنِيَ الْبَيِّنَاتُ مِنْ رَبِّي وَأُمِرْتُ أَنْ أُسْلِمَ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ
(О, Пайгамбар,) айткын: «Мага Раббим тарабынан анык баяндар (Кураан аяттары) келгенде, мен Аллаһдан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларга» ибадат кылуудан кайтарылдым жана ааламдардын Раббиси үчүн гана (жүрөгүм, бүт дене мүчөлөрүм менен) моюн сунууга буйрулдум

Choose other languages: