Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #62 Translated in Kyrgyz

وَمَا يَسْتَوِي الْأَعْمَىٰ وَالْبَصِيرُ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَلَا الْمُسِيءُ ۚ قَلِيلًا مَا تَتَذَكَّرُونَ
Жана (эч качан) сокур менен көздүү адам жана ыйман келтирип, салих амал кылгандар менен күнөөкөр (адамдар) тең боло албайт. (Адамдар Аллаһты) өтө сейрек эскеришет
إِنَّ السَّاعَةَ لَآتِيَةٌ لَا رَيْبَ فِيهَا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ
Чынында саат (Кыямат) анык келүүчү. Анда эч күмөн жок. Бирок, көп адамдар ыйман келтирбей жатышат
وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ
Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет
اللَّهُ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَالنَّهَارَ مُبْصِرًا ۚ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ
Аллаһ силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллаһ аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат
ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
Ушул Аллаһ — силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар

Choose other languages: