Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #55 Translated in Kyrgyz

إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ
Чынында Биз пайгамбаларыбызга жана ыймандуу пенделерге, дүйнө жашоосунда да, күбөлөр (даяр болуп) турган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз
يَوْمَ لَا يَنْفَعُ الظَّالِمِينَ مَعْذِرَتُهُمْ ۖ وَلَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ
Ал Күндө заалым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْهُدَىٰ وَأَوْرَثْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ الْكِتَابَ
Биз Мусага Хидаят-Туура Жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исрайил урпактарын мураскор кылып койдук
هُدًى وَذِكْرَىٰ لِأُولِي الْأَلْبَابِ
(Ал Китеп) Туура Жолду жана акылдуу адамдар үчүн Зикир-эскертүүлөрдү (өз ичине камтыган)
فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ بِالْعَشِيِّ وَالْإِبْكَارِ
(О, Мухаммад! Мушриктерге) сабырдуу бол! Чынында, Аллаһтын убадасы-Акыйкат! Күнөөлөрүң үчүн Аллаһтан кечирим сурап, эртели-кеч Раббиңе мактоо жана тасбих айт

Choose other languages: