Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #56 Translated in Kyrgyz

يَوْمَ لَا يَنْفَعُ الظَّالِمِينَ مَعْذِرَتُهُمْ ۖ وَلَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ
Ал Күндө заалым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْهُدَىٰ وَأَوْرَثْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ الْكِتَابَ
Биз Мусага Хидаят-Туура Жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исрайил урпактарын мураскор кылып койдук
هُدًى وَذِكْرَىٰ لِأُولِي الْأَلْبَابِ
(Ал Китеп) Туура Жолду жана акылдуу адамдар үчүн Зикир-эскертүүлөрдү (өз ичине камтыган)
فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ بِالْعَشِيِّ وَالْإِبْكَارِ
(О, Мухаммад! Мушриктерге) сабырдуу бол! Чынында, Аллаһтын убадасы-Акыйкат! Күнөөлөрүң үчүн Аллаһтан кечирим сурап, эртели-кеч Раббиңе мактоо жана тасбих айт
إِنَّ الَّذِينَ يُجَادِلُونَ فِي آيَاتِ اللَّهِ بِغَيْرِ سُلْطَانٍ أَتَاهُمْ ۙ إِنْ فِي صُدُورِهِمْ إِلَّا كِبْرٌ مَا هُمْ بِبَالِغِيهِ ۚ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ ۖ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ
Аллаһтын аяттары жөнүндө, өздөрүнө (эч кандай илахий) далил келбесе да, талашып-тартыша турган кишилердин жүрөгүндө текберленүүдөн башка эч нерсе жок.! Алар ага (чындыкка) жете албайт. Эми сен Аллаһтан коргоо тиле. Ал — Угуучу, Көрүүчү

Choose other languages: