Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #20 Translated in Kyrgyz

يَوْمَ هُمْ بَارِزُونَ ۖ لَا يَخْفَىٰ عَلَى اللَّهِ مِنْهُمْ شَيْءٌ ۚ لِمَنِ الْمُلْكُ الْيَوْمَ ۖ لِلَّهِ الْوَاحِدِ الْقَهَّارِ
Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллаһтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Жеңүүчү Аллаһтын Колунда
الْيَوْمَ تُجْزَىٰ كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ ۚ لَا ظُلْمَ الْيَوْمَ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ
Ал Күндө ар бир жан өзү жасаган ишине жараша гана жаза алат. Ал Күндө зулум жок. Чынында Аллаһ тез Эсептешүүчү
وَأَنْذِرْهُمْ يَوْمَ الْآزِفَةِ إِذِ الْقُلُوبُ لَدَى الْحَنَاجِرِ كَاظِمِينَ ۚ مَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ حَمِيمٍ وَلَا شَفِيعٍ يُطَاعُ
(О, Мухаммад!) Сен аларды (ошол) жакын Күн менен коркут. Анда жүрөктөр алкымга тыгылып, (адамдар сөздөрүн) ичине жуткан абалда (болушат)! Заалымдарга эч бир боорукер, эч бир шапааты кабыл алынган актоочу болбойт
يَعْلَمُ خَائِنَةَ الْأَعْيُنِ وَمَا تُخْفِي الصُّدُورُ
(Аллаһ) көздөрдүн (арам нерсеге) жашыруун назар салышын да, жүрөктөр жашырган сырларды да билип турат
وَاللَّهُ يَقْضِي بِالْحَقِّ ۖ وَالَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ لَا يَقْضُونَ بِشَيْءٍ ۗ إِنَّ اللَّهَ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ
Аллаһ акыйкат менен өкүм кылат. Ал эми, Аллаһтан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» эч нерсени өкүм кыла алышпайт. Чынында Аллаһ Өзү гана (бардык нерселерди) Угуучу, Көрүүчү

Choose other languages: