Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِالذِّكْرِ لَمَّا جَاءَهُمْ ۖ وَإِنَّهُ لَكِتَابٌ عَزِيزٌ
Өздөрүнө келген убакытта Зикирге (Кураанга) каапыр болгон адамдар (катуу азапка дуушар болушат) Чынында, ал Ыйык Китеп. (Анткени)
لَا يَأْتِيهِ الْبَاطِلُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَلَا مِنْ خَلْفِهِ ۖ تَنْزِيلٌ مِنْ حَكِيمٍ حَمِيدٍ
Анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал (Кураан) Даанышман, Макталган (Аллаһ) тарабынан түшүрүлгөн
مَا يُقَالُ لَكَ إِلَّا مَا قَدْ قِيلَ لِلرُّسُلِ مِنْ قَبْلِكَ ۚ إِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغْفِرَةٍ وَذُو عِقَابٍ أَلِيمٍ
Сага мурунку пайгамбарларга айтылган сөздөрдөн ашыкча сөз айтылган жок.?° Чынында, Сенин Раббиң (тооба кылгандарды) Кечиримдүү жана (каапырларды) Азаптоочу
وَلَوْ جَعَلْنَاهُ قُرْآنًا أَعْجَمِيًّا لَقَالُوا لَوْلَا فُصِّلَتْ آيَاتُهُ ۖ أَأَعْجَمِيٌّ وَعَرَبِيٌّ ۗ قُلْ هُوَ لِلَّذِينَ آمَنُوا هُدًى وَشِفَاءٌ ۖ وَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ فِي آذَانِهِمْ وَقْرٌ وَهُوَ عَلَيْهِمْ عَمًى ۚ أُولَٰئِكَ يُنَادَوْنَ مِنْ مَكَانٍ بَعِيدٍ
Эгер Биз аны арабча эмес Кураан кылганыбызда (араб мушриктери): «Анын аяттары түшүнүктүү болсо болмок! Арабча эмес бекен?! (Мухаммад өзү) араб эмес беле?!» дешмек. Айткын: «Бул (Кураан) ыймандуу адамдарга Туура Жол жана шыпаа, ал эми кулактарында дүлөйлүк бар (себептүү) ага ыйман келтирбеген адамдар үчүн сокурлук (болот). Алар алыс жерден чакырылган адамдар (сыяктуу Кураанды угушпайт)»
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ فَاخْتُلِفَ فِيهِ ۗ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ ۚ وَإِنَّهُمْ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ مُرِيبٍ
Биз Мусага да Китеп (Тоорат) берген элек. Алар (Мусанын эли) анда бир пикирге келише албай (бир бөлүгү ыйман келтирип, бир бөлүгү каапыр болуп) калышты. Эгерде, Раббиң тарабынан алдын ала айтылган («Алар Кыяматта азап тартышат» деген) Сөз болбосо, алардын арасында (эчак эле) өкүм чыгарылмак. (Башкача айтканда, каапырлардын башына азап түшүп, кырылып калмак. Себеби,) алар (Тоораттан) катуу шектенүүдө болушкан

Choose other languages: