Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #33 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا رَبَّنَا أَرِنَا اللَّذَيْنِ أَضَلَّانَا مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ نَجْعَلْهُمَا تَحْتَ أَقْدَامِنَا لِيَكُونَا مِنَ الْأَسْفَلِينَ
(Каапыр жолбашчыларды ээрчип) каапыр болгон адамдар (тозокто туруп): «О, Рабби! Бизге азгырган адамдарды жана жиндерди көргөз! Биз аларды кордолгондордон болушу үчүн тамандарыбыз менен эзип-жанчып таштайлы!» дешти
إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ الْمَلَائِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَبْشِرُوا بِالْجَنَّةِ الَّتِي كُنْتُمْ تُوعَدُونَ
«Раббим-Аллаһ» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген Бейиш менен сүйүнгүлө
نَحْنُ أَوْلِيَاؤُكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ ۖ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَشْتَهِي أَنْفُسُكُمْ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ
Биз дүйнө жашоосунда да, Акыретте да силердин жакын досуңар болобуз. Силер үчүн Бейиште көңүлүңөр каалаган нерселер бар! Силер үчүн ал жерде тилеген бардык нерсе бар
نُزُلًا مِنْ غَفُورٍ رَحِيمٍ
Ырайымдуу, Кечиримдүү (Аллаһ) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет)
وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ
Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллаһка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!»-деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар

Choose other languages: