Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #36 Translated in Kyrgyz

نُزُلًا مِنْ غَفُورٍ رَحِيمٍ
Ырайымдуу, Кечиримдүү (Аллаһ) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет)
وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ
Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллаһка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!»-деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар
وَلَا تَسْتَوِي الْحَسَنَةُ وَلَا السَّيِّئَةُ ۚ ادْفَعْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ فَإِذَا الَّذِي بَيْنَكَ وَبَيْنَهُ عَدَاوَةٌ كَأَنَّهُ وَلِيٌّ حَمِيمٌ
Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат
وَمَا يُلَقَّاهَا إِلَّا الَّذِينَ صَبَرُوا وَمَا يُلَقَّاهَا إِلَّا ذُو حَظٍّ عَظِيمٍ
Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет
وَإِمَّا يَنْزَغَنَّكَ مِنَ الشَّيْطَانِ نَزْغٌ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ ۖ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Эгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллаһтан коргоо тиле!? Чынында Ал - Угуучу, Билүүчү

Choose other languages: