Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

فَأَمَّا عَادٌ فَاسْتَكْبَرُوا فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَقَالُوا مَنْ أَشَدُّ مِنَّا قُوَّةً ۖ أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَهُمْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُمْ قُوَّةً ۖ وَكَانُوا بِآيَاتِنَا يَجْحَدُونَ
Ал эми, Аад (уруусу) болсо, акыйкатсыздык (зордук-зомбулук) менен жер жүзүндө текеберленип: «Бизден күч кубаттуу эч ким жок!» дешти. Алар өздөрүн жараткан Аллаһ алардан күчтүүраак экенин билишпеди бекен?! Алар (ошентип) аяттарыбызды четке кагып коюшту
فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِي أَيَّامٍ نَحِسَاتٍ لِنُذِيقَهُمْ عَذَابَ الْخِزْيِ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَخْزَىٰ ۖ وَهُمْ لَا يُنْصَرُونَ
Кийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн бактысыз күндөрдө катуу добул шамалды жибердик! Акырет азабы андан да кордоочураак! (Ал Күнү) аларга эч жардам берилбейт
وَأَمَّا ثَمُودُ فَهَدَيْنَاهُمْ فَاسْتَحَبُّوا الْعَمَىٰ عَلَى الْهُدَىٰ فَأَخَذَتْهُمْ صَاعِقَةُ الْعَذَابِ الْهُونِ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Ал эми Самуд (элдерине) Биз (Салих пайгамбар аркылуу) Хидаят берсек, Хидаят-Туура Жолдон сокурлукту абзел көрүштү. Анан аларды жасаган күнөө иштери себептүү кордук азабынын чагылганы урду
وَنَجَّيْنَا الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ
Биз ыйман келтирип, такыба болгон кишилерди куткарып калдык
وَيَوْمَ يُحْشَرُ أَعْدَاءُ اللَّهِ إِلَى النَّارِ فَهُمْ يُوزَعُونَ
Ал эми, Аллаһтын душмандары тозок тарапка чогултулуп, тизип коюлган күнү

Choose other languages: