Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #21 Translated in Kyrgyz

وَأَمَّا ثَمُودُ فَهَدَيْنَاهُمْ فَاسْتَحَبُّوا الْعَمَىٰ عَلَى الْهُدَىٰ فَأَخَذَتْهُمْ صَاعِقَةُ الْعَذَابِ الْهُونِ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Ал эми Самуд (элдерине) Биз (Салих пайгамбар аркылуу) Хидаят берсек, Хидаят-Туура Жолдон сокурлукту абзел көрүштү. Анан аларды жасаган күнөө иштери себептүү кордук азабынын чагылганы урду
وَنَجَّيْنَا الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ
Биз ыйман келтирип, такыба болгон кишилерди куткарып калдык
وَيَوْمَ يُحْشَرُ أَعْدَاءُ اللَّهِ إِلَى النَّارِ فَهُمْ يُوزَعُونَ
Ал эми, Аллаһтын душмандары тозок тарапка чогултулуп, тизип коюлган күнү
حَتَّىٰ إِذَا مَا جَاءُوهَا شَهِدَ عَلَيْهِمْ سَمْعُهُمْ وَأَبْصَارُهُمْ وَجُلُودُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Тозокко (жакын) келишкенде («Биз күнөө кылган эмеспиз!» деп тана башташат. Ошондо) алардын зыянына көздөрү, кулактары жана терилери, жасаган (күнөө) иштерине күбөгө өтүшөт
وَقَالُوا لِجُلُودِهِمْ لِمَ شَهِدْتُمْ عَلَيْنَا ۖ قَالُوا أَنْطَقَنَا اللَّهُ الَّذِي أَنْطَقَ كُلَّ شَيْءٍ وَهُوَ خَلَقَكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Анда алар терилерине: «Эмне үчүн биздин зыяныбызга күбөлүк бердиңер?»-дешет. (Терилери жана башка дене мүчөлөрү) айтат: «Ар кандай нерсени сүйлөтө алган Аллаһ бизди да сүйлөттү. Ал силерди биринчи ирет (жоктон бар кылып) жараткан. Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар»

Choose other languages: