Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #99 Translated in Kyrgyz

سَيَحْلِفُونَ بِاللَّهِ لَكُمْ إِذَا انْقَلَبْتُمْ إِلَيْهِمْ لِتُعْرِضُوا عَنْهُمْ ۖ فَأَعْرِضُوا عَنْهُمْ ۖ إِنَّهُمْ رِجْسٌ ۖ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Качан аларга кайтып барганыңарда алардан (эч нерсе сурабай) жөн коюшуңар (үчүн) ант ичишет. Эми, алардан жүз бургула! (Себеби) Алар — ыпылас! Жана кылмыштарынын жазасына, алардын орду Тозок
يَحْلِفُونَ لَكُمْ لِتَرْضَوْا عَنْهُمْ ۖ فَإِنْ تَرْضَوْا عَنْهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يَرْضَىٰ عَنِ الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ
(Көңүлүңөргө карап) алардан ыраазы болушуңар үчүн ант ичишет. Эгер силер ыраазы болсоңор да, Аллаһ бузуку адамдардан ыраазы болбойт
الْأَعْرَابُ أَشَدُّ كُفْرًا وَنِفَاقًا وَأَجْدَرُ أَلَّا يَعْلَمُوا حُدُودَ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
(Шаардан сыртта жашаган) бедуиндер (Дин-Шариятты жакшы билбегени себептүү) каапырчылык жана мунафыктык жаатынан катуураак жана Аллаһ Өз пайгамбарына түшүргөн нерсенин (диндин) чегараларын билбегенге ылайыгыраак болушат. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман
وَمِنَ الْأَعْرَابِ مَنْ يَتَّخِذُ مَا يُنْفِقُ مَغْرَمًا وَيَتَرَبَّصُ بِكُمُ الدَّوَائِرَ ۚ عَلَيْهِمْ دَائِرَةُ السَّوْءِ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Бедуиндердин арасында (Аллаһ жолунда) садака кылган нерсесин (өзүнө) зыян деп билген жана силердин башыңарга оор күндөрдүн түшүүсүнө ынтызар болуп тургандары да бар. Өздөрүнүн башына балээ түшүп калсын! Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
وَمِنَ الْأَعْرَابِ مَنْ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَيَتَّخِذُ مَا يُنْفِقُ قُرُبَاتٍ عِنْدَ اللَّهِ وَصَلَوَاتِ الرَّسُولِ ۚ أَلَا إِنَّهَا قُرْبَةٌ لَهُمْ ۚ سَيُدْخِلُهُمُ اللَّهُ فِي رَحْمَتِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Жана бедуиндер арасында, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенип, садака кылган нерселерин Аллаһка жакын болуу жана пайгамбардын бата-дубасына себеп деп билгендери да бар. Уккула, албетте, ал (пайгамбардын дубасы) алар үчүн Аллаһка жакындашуу(суна себеп болот). Аллаһ жакында аларды Өз ырайымына киргизет. Аллаһ — Кечирүүчү, Ырайымдуу

Choose other languages: