Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #125 Translated in Kyrgyz

وَلَا يُنْفِقُونَ نَفَقَةً صَغِيرَةً وَلَا كَبِيرَةً وَلَا يَقْطَعُونَ وَادِيًا إِلَّا كُتِبَ لَهُمْ لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
(Ушул жихад жолунда) чоңбу, кичинеби, (кандайдыр) бир садака (кошумча) кылса же бир өрөөндөрдөн басып өтсө, Аллаһ аларга эң жакшы иштери себептүү сыйлык бериши үчүн, (бул иштери) аларга (сооп болуп) жазылат
وَمَا كَانَ الْمُؤْمِنُونَ لِيَنْفِرُوا كَافَّةً ۚ فَلَوْلَا نَفَرَ مِنْ كُلِّ فِرْقَةٍ مِنْهُمْ طَائِفَةٌ لِيَتَفَقَّهُوا فِي الدِّينِ وَلِيُنْذِرُوا قَوْمَهُمْ إِذَا رَجَعُوا إِلَيْهِمْ لَعَلَّهُمْ يَحْذَرُونَ
Момундардын бардыгынын (согушка) чыгып кетүүсү жарабайт. Алардын ар бир жамааттарынан бирден тайпалар чыкса (жетиштүү) болбойбу?! (Башкалары) динди жакшы үйрөнүү үчүн жана коомуна кайтып келгенде эскертүү үчүн (калышпайбы?) (Ошондо) Аллаһтын азабынан сактанышса ажеп эмес
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قَاتِلُوا الَّذِينَ يَلُونَكُمْ مِنَ الْكُفَّارِ وَلْيَجِدُوا فِيكُمْ غِلْظَةً ۚ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ
О, момундар! Жакыныңардагы каапырларга каршы согушкула! (Согушта) силерден катуу кайраттуулукту гана көрүшсүн! Билгиле! Аллаһ такыбаалуулар менен
وَإِذَا مَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ فَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ أَيُّكُمْ زَادَتْهُ هَٰذِهِ إِيمَانًا ۚ فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا فَزَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَهُمْ يَسْتَبْشِرُونَ
Качан бир сүрө түшкөндө алардын (мунафыктардын) кээ бирөөлөрү: “Бул сүрө кимиңердин ыйманыңарды көбөйтүп койоор экен!” деп (мыскылдуу) сүйлөшөт. (Чынында,) бул сүрө(лөр) ыйман келтирген кишилердин ыймандарын көбөйтөт жана алар (муну бири-бирине айтып) сүйүнүшөт
وَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَتْهُمْ رِجْسًا إِلَىٰ رِجْسِهِمْ وَمَاتُوا وَهُمْ كَافِرُونَ
Ал эми, (бул сүрөлөр) жүрөгүндө шек-күмөн болгондордун шектенүүсүнө дагы шектенүү кошот жана алар каапыр бойдон өлүп тынышат

Choose other languages: