Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #118 Translated in Kyrgyz

وَمَا كَانَ اسْتِغْفَارُ إِبْرَاهِيمَ لِأَبِيهِ إِلَّا عَنْ مَوْعِدَةٍ وَعَدَهَا إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ أَنَّهُ عَدُوٌّ لِلَّهِ تَبَرَّأَ مِنْهُ ۚ إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَأَوَّاهٌ حَلِيمٌ
Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле.! Качан ага атасы Аллаһтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле
وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُضِلَّ قَوْمًا بَعْدَ إِذْ هَدَاهُمْ حَتَّىٰ يُبَيِّنَ لَهُمْ مَا يَتَّقُونَ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Аллаһ (эч бир) коомду Туура Жолго баштагандан кийин, качан аларга сактануучу нерселерин анык баяндап бермейинче адаштырбайт. (Аллаһ “сактангыла” деген күнөөлөрдөн сактанбай коюшса гана адаштырат). Албетте, Аллаһ - ар бир нерсени Билүүчү
إِنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۚ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Чынында, асмандар жана Жер мүлкүнүн баары Аллаһка таандык. (Ал) жашоо жана өлүм берет. Силерге Аллаһтан башка эч бир (пайда берүүчү) Башчы да, (зыяндан сактоочу) Жардамчы да жок
لَقَدْ تَابَ اللَّهُ عَلَى النَّبِيِّ وَالْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ الَّذِينَ اتَّبَعُوهُ فِي سَاعَةِ الْعُسْرَةِ مِنْ بَعْدِ مَا كَادَ يَزِيغُ قُلُوبُ فَرِيقٍ مِنْهُمْ ثُمَّ تَابَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّهُ بِهِمْ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Аллаһ пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тообасын кабыл алды. Алар ага (пайгамбарга) араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда ээрчиген эле. Кийин Аллаһ алардын тообасын кабыл алды. Чынында Аллаһ аларга Ырайымдуу, Боорукер
وَعَلَى الثَّلَاثَةِ الَّذِينَ خُلِّفُوا حَتَّىٰ إِذَا ضَاقَتْ عَلَيْهِمُ الْأَرْضُ بِمَا رَحُبَتْ وَضَاقَتْ عَلَيْهِمْ أَنْفُسُهُمْ وَظَنُّوا أَنْ لَا مَلْجَأَ مِنَ اللَّهِ إِلَّا إِلَيْهِ ثُمَّ تَابَ عَلَيْهِمْ لِيَتُوبُوا ۚ إِنَّ اللَّهَ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Жана Аллаһ (Табук казатынан) калып калган үч кишинин тообасын да кабыл алды. (Ошого чейин) аларга жер (жүзү ушунчалык) кеңдиги менен тарлык кылып, жүрөктөрү да кысылып калган.! Жана алар Аллаһдан Анын Өзүнө гана жалбаруу керектигин түшүнүштү. (Ыклас менен) тооба кылышканы себептүү Аллаһ алардын тообаларын кабыл алды. Аллаһ, чынында тообаны кабыл алуучу, Ырайымдуу

Choose other languages: