Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #120 Translated in Kyrgyz

إِنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۚ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Чынында, асмандар жана Жер мүлкүнүн баары Аллаһка таандык. (Ал) жашоо жана өлүм берет. Силерге Аллаһтан башка эч бир (пайда берүүчү) Башчы да, (зыяндан сактоочу) Жардамчы да жок
لَقَدْ تَابَ اللَّهُ عَلَى النَّبِيِّ وَالْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ الَّذِينَ اتَّبَعُوهُ فِي سَاعَةِ الْعُسْرَةِ مِنْ بَعْدِ مَا كَادَ يَزِيغُ قُلُوبُ فَرِيقٍ مِنْهُمْ ثُمَّ تَابَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّهُ بِهِمْ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Аллаһ пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тообасын кабыл алды. Алар ага (пайгамбарга) араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда ээрчиген эле. Кийин Аллаһ алардын тообасын кабыл алды. Чынында Аллаһ аларга Ырайымдуу, Боорукер
وَعَلَى الثَّلَاثَةِ الَّذِينَ خُلِّفُوا حَتَّىٰ إِذَا ضَاقَتْ عَلَيْهِمُ الْأَرْضُ بِمَا رَحُبَتْ وَضَاقَتْ عَلَيْهِمْ أَنْفُسُهُمْ وَظَنُّوا أَنْ لَا مَلْجَأَ مِنَ اللَّهِ إِلَّا إِلَيْهِ ثُمَّ تَابَ عَلَيْهِمْ لِيَتُوبُوا ۚ إِنَّ اللَّهَ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Жана Аллаһ (Табук казатынан) калып калган үч кишинин тообасын да кабыл алды. (Ошого чейин) аларга жер (жүзү ушунчалык) кеңдиги менен тарлык кылып, жүрөктөрү да кысылып калган.! Жана алар Аллаһдан Анын Өзүнө гана жалбаруу керектигин түшүнүштү. (Ыклас менен) тооба кылышканы себептүү Аллаһ алардын тообаларын кабыл алды. Аллаһ, чынында тообаны кабыл алуучу, Ырайымдуу
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَكُونُوا مَعَ الصَّادِقِينَ
О, ыйман келтиргендер! Аллаһтан корккула жана чынчылдар менен болгула
مَا كَانَ لِأَهْلِ الْمَدِينَةِ وَمَنْ حَوْلَهُمْ مِنَ الْأَعْرَابِ أَنْ يَتَخَلَّفُوا عَنْ رَسُولِ اللَّهِ وَلَا يَرْغَبُوا بِأَنْفُسِهِمْ عَنْ نَفْسِهِ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ لَا يُصِيبُهُمْ ظَمَأٌ وَلَا نَصَبٌ وَلَا مَخْمَصَةٌ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا يَطَئُونَ مَوْطِئًا يَغِيظُ الْكُفَّارَ وَلَا يَنَالُونَ مِنْ عَدُوٍّ نَيْلًا إِلَّا كُتِبَ لَهُمْ بِهِ عَمَلٌ صَالِحٌ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ
Медина эли менен алардын айланасындагы бедуиндер үчүн (казат мезгилинде) Аллаһтын пайгамбарынан калып калышы жана өздөрү менен өздөрү убара болушу эч ылайыктуу (иш) эмес! Себеби, Аллаһ жолунда аларга бир машакат, ачкачылык, чаңкоо жетсе да, же каапырларды жек көрүп (жихад үчүн, азбы-көппү) жерлерди басып өтсө да, же болбосо (согушта) душмандардын эсебинен (жеңиш, туткун, олжо сыяктуу) нерселерге жетишсе да, ушул себептүү аларга салих (сооп) иш жазылат. Албетте, Аллаһ жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт

Choose other languages: