Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #117 Translated in Kyrgyz

مَا كَانَ لِلنَّبِيِّ وَالَّذِينَ آمَنُوا أَنْ يَسْتَغْفِرُوا لِلْمُشْرِكِينَ وَلَوْ كَانُوا أُولِي قُرْبَىٰ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُمْ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга — эгер (ал мушрик) жакын тууганы болсо да — эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин
وَمَا كَانَ اسْتِغْفَارُ إِبْرَاهِيمَ لِأَبِيهِ إِلَّا عَنْ مَوْعِدَةٍ وَعَدَهَا إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ أَنَّهُ عَدُوٌّ لِلَّهِ تَبَرَّأَ مِنْهُ ۚ إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَأَوَّاهٌ حَلِيمٌ
Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле.! Качан ага атасы Аллаһтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле
وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُضِلَّ قَوْمًا بَعْدَ إِذْ هَدَاهُمْ حَتَّىٰ يُبَيِّنَ لَهُمْ مَا يَتَّقُونَ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Аллаһ (эч бир) коомду Туура Жолго баштагандан кийин, качан аларга сактануучу нерселерин анык баяндап бермейинче адаштырбайт. (Аллаһ “сактангыла” деген күнөөлөрдөн сактанбай коюшса гана адаштырат). Албетте, Аллаһ - ар бир нерсени Билүүчү
إِنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۚ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Чынында, асмандар жана Жер мүлкүнүн баары Аллаһка таандык. (Ал) жашоо жана өлүм берет. Силерге Аллаһтан башка эч бир (пайда берүүчү) Башчы да, (зыяндан сактоочу) Жардамчы да жок
لَقَدْ تَابَ اللَّهُ عَلَى النَّبِيِّ وَالْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ الَّذِينَ اتَّبَعُوهُ فِي سَاعَةِ الْعُسْرَةِ مِنْ بَعْدِ مَا كَادَ يَزِيغُ قُلُوبُ فَرِيقٍ مِنْهُمْ ثُمَّ تَابَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّهُ بِهِمْ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Аллаһ пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тообасын кабыл алды. Алар ага (пайгамбарга) араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда ээрчиген эле. Кийин Аллаһ алардын тообасын кабыл алды. Чынында Аллаһ аларга Ырайымдуу, Боорукер

Choose other languages: