Surah At-Tawba Ayahs #105 Translated in Kyrgyz
وَمِمَّنْ حَوْلَكُمْ مِنَ الْأَعْرَابِ مُنَافِقُونَ ۖ وَمِنْ أَهْلِ الْمَدِينَةِ ۖ مَرَدُوا عَلَى النِّفَاقِ لَا تَعْلَمُهُمْ ۖ نَحْنُ نَعْلَمُهُمْ ۚ سَنُعَذِّبُهُمْ مَرَّتَيْنِ ثُمَّ يُرَدُّونَ إِلَىٰ عَذَابٍ عَظِيمٍ
(О, Мухаммад) тегерегиңердеги бедуиндерден жана Медина элдеринен турган мунафыктар эки жүздүүлүгүн токтотпой жатышат. Аларды сен биле албайсың. Биз билебиз. Биз аларды эки ирет (бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да) азаптайбыз. Кийин алар (Кыяматта) чоң азапка кайтарылышат
وَآخَرُونَ اعْتَرَفُوا بِذُنُوبِهِمْ خَلَطُوا عَمَلًا صَالِحًا وَآخَرَ سَيِّئًا عَسَى اللَّهُ أَنْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Жана башкалары (мунафык эместер) өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, жакшы иштерине башка жаман (күнөө) иштерин да аралаштырып жүрүшөт. Аллаһ алардын тообаларын кабыл алып калса ажеп эмес. Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу
خُذْ مِنْ أَمْوَالِهِمْ صَدَقَةً تُطَهِّرُهُمْ وَتُزَكِّيهِمْ بِهَا وَصَلِّ عَلَيْهِمْ ۖ إِنَّ صَلَاتَكَ سَكَنٌ لَهُمْ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
(О, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал. Жана алар үчүн дуба кыл. Чынында сенин дубаң - алар үчүн бейпилдик. Аллаһ - Угуучу, Билүүчү
أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ هُوَ يَقْبَلُ التَّوْبَةَ عَنْ عِبَادِهِ وَيَأْخُذُ الصَّدَقَاتِ وَأَنَّ اللَّهَ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Алар (тооба кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллаһ пенделеринен тообаны жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллаһ -тообаларды кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу
وَقُلِ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ ۖ وَسَتُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Жана айткын: “(Эй, мунаафыктар! Каалаган) ишиңерди жасай бергиле. Аллаһ ишиңерди көрүп турат. Жана Анын пайгамбары менен момундар дагы (Аллаһ ашкерелеген ишиңерди көрүп турушат). Силер жакында кайыпты да аныкты да Билүүчүнүн алдына кайтарыласыңар. Анан Ал силерге бардык ишиңердин кабарын билдирет
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
