Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #106 Translated in Kyrgyz

وَآخَرُونَ اعْتَرَفُوا بِذُنُوبِهِمْ خَلَطُوا عَمَلًا صَالِحًا وَآخَرَ سَيِّئًا عَسَى اللَّهُ أَنْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Жана башкалары (мунафык эместер) өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, жакшы иштерине башка жаман (күнөө) иштерин да аралаштырып жүрүшөт. Аллаһ алардын тообаларын кабыл алып калса ажеп эмес. Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу
خُذْ مِنْ أَمْوَالِهِمْ صَدَقَةً تُطَهِّرُهُمْ وَتُزَكِّيهِمْ بِهَا وَصَلِّ عَلَيْهِمْ ۖ إِنَّ صَلَاتَكَ سَكَنٌ لَهُمْ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
(О, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал. Жана алар үчүн дуба кыл. Чынында сенин дубаң - алар үчүн бейпилдик. Аллаһ - Угуучу, Билүүчү
أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ هُوَ يَقْبَلُ التَّوْبَةَ عَنْ عِبَادِهِ وَيَأْخُذُ الصَّدَقَاتِ وَأَنَّ اللَّهَ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Алар (тооба кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллаһ пенделеринен тообаны жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллаһ -тообаларды кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу
وَقُلِ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ ۖ وَسَتُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Жана айткын: “(Эй, мунаафыктар! Каалаган) ишиңерди жасай бергиле. Аллаһ ишиңерди көрүп турат. Жана Анын пайгамбары менен момундар дагы (Аллаһ ашкерелеген ишиңерди көрүп турушат). Силер жакында кайыпты да аныкты да Билүүчүнүн алдына кайтарыласыңар. Анан Ал силерге бардык ишиңердин кабарын билдирет
وَآخَرُونَ مُرْجَوْنَ لِأَمْرِ اللَّهِ إِمَّا يُعَذِّبُهُمْ وَإِمَّا يَتُوبُ عَلَيْهِمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Дагы башкалар (мунафык эмес, бирок согуштан себепсиз калгандар) бар. Алар Аллаһтын өкүмүнө: же жазалоосуна же тообаларын кабыл алуусуна калтырылгандар. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

Choose other languages: