Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #102 Translated in Kyrgyz

إِلَّا الْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ لَا يَسْتَطِيعُونَ حِيلَةً وَلَا يَهْتَدُونَ سَبِيلًا
Ал эми, (хижрат кылууга) эч кандай амал-чара таппаган аял, эркек жана балдардан турган алсыз-бечараларды
فَأُولَٰئِكَ عَسَى اللَّهُ أَنْ يَعْفُوَ عَنْهُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَفُوًّا غَفُورًا
Аллаһ балким кечирээр.! Аллаһ Кечиримдүү, күнөөлөрдөн өтүүчү
وَمَنْ يُهَاجِرْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ يَجِدْ فِي الْأَرْضِ مُرَاغَمًا كَثِيرًا وَسَعَةً ۚ وَمَنْ يَخْرُجْ مِنْ بَيْتِهِ مُهَاجِرًا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ ثُمَّ يُدْرِكْهُ الْمَوْتُ فَقَدْ وَقَعَ أَجْرُهُ عَلَى اللَّهِ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا
Ким Аллаһ жолунда хижрат кылса, жер жүзүнөн көптөгөн ыңгайлуу башпаанектерди жана бардарчылыкты табат. Ким үйүнөн Аллаһ жана пайгамбарынын жолунда хижрат кылып чыкса жана андан кийин аны (жолдо) өлүм тапса, анын сооп-сыйлыгын Аллаһ (Таала, жетип барган адамдын сообундай) берет. Аллаһ -Кечиримдүү, Мээримдүү
وَإِذَا ضَرَبْتُمْ فِي الْأَرْضِ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَقْصُرُوا مِنَ الصَّلَاةِ إِنْ خِفْتُمْ أَنْ يَفْتِنَكُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ إِنَّ الْكَافِرِينَ كَانُوا لَكُمْ عَدُوًّا مُبِينًا
(О, момундар) эгер жер жүзүндө сапар кылсаңар, (жана) силерге душмандын зыян жеткирүүсүнөн корксоңор, намазыңардан (бир бөлүгүн) кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок.? Албетте, каапырлар силерге анык душман
وَإِذَا كُنْتَ فِيهِمْ فَأَقَمْتَ لَهُمُ الصَّلَاةَ فَلْتَقُمْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا أَسْلِحَتَهُمْ فَإِذَا سَجَدُوا فَلْيَكُونُوا مِنْ وَرَائِكُمْ وَلْتَأْتِ طَائِفَةٌ أُخْرَىٰ لَمْ يُصَلُّوا فَلْيُصَلُّوا مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا حِذْرَهُمْ وَأَسْلِحَتَهُمْ ۗ وَدَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ تَغْفُلُونَ عَنْ أَسْلِحَتِكُمْ وَأَمْتِعَتِكُمْ فَيَمِيلُونَ عَلَيْكُمْ مَيْلَةً وَاحِدَةً ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِنْ كَانَ بِكُمْ أَذًى مِنْ مَطَرٍ أَوْ كُنْتُمْ مَرْضَىٰ أَنْ تَضَعُوا أَسْلِحَتَكُمْ ۖ وَخُذُوا حِذْرَكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ أَعَدَّ لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا
(О, Мухаммад!) Эгер сен алардын (сахаабалардын) арасында (имам болуп) намаз окучу болсоң, сен менен бирге болгон алардын бир тобу (кароолдо) турсун жана куралдарын алып алышсын. Сажда кылып (намаз окуп) бүткөндө аркаңарга өтүп (коргоп) турушсун. Анан намаз окуй элек башка топ келип, сени менен намаз окушсун. Бирок, этияттыктарын жана курал-жарактарын алып алышсын. Эгер силер куралыңар менен керек-жарактарыңардан бейкапар калсаңар каапырлар силерге капыстан кол салууну самап турушат. Эгер силерге жамгырдын кесепети жетсе же оорулуу болсоңор, анда куралыңарды (жерге) койсоңор күнөө эмес. Бирок, абайлагыла. Чынында, Аллаһ каапырларга кордоочу азапты даярдап койгон

Choose other languages: