Surah An-Nisa Ayahs #28 Translated in Kyrgyz
وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ النِّسَاءِ إِلَّا مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ۖ كِتَابَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ ۚ وَأُحِلَّ لَكُمْ مَا وَرَاءَ ذَٰلِكُمْ أَنْ تَبْتَغُوا بِأَمْوَالِكُمْ مُحْصِنِينَ غَيْرَ مُسَافِحِينَ ۚ فَمَا اسْتَمْتَعْتُمْ بِهِ مِنْهُنَّ فَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ فَرِيضَةً ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِيمَا تَرَاضَيْتُمْ بِهِ مِنْ بَعْدِ الْفَرِيضَةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا
Дагы күйөөсү бар аялдар(га үйлөнүү арам). Ал эми кол астыңардагы күң аялдарга жакындык кылууңар арам эмес.? Аллаһтын китебин(ин өкүмдөрүн) бекем кармагыла. Ушул айтылгандардан башка (аялдардын) бардыгына, мал-дүйнөңөрдөн (махыр кылып) берүү менен, таза болуп, бузуктук кылбай үйлөнүүңөр силер үчүн адал кылынды. Эми, ал аялдардан кимисине (нике менен) жакындык кылуучу болсоңор, парыз кылынган акысын (махырын) бергиле. Махыр белгиленгенден кийин өз ара келишип алууңарда (күйөөсү белгиленгенден көбүрөөк берсе же болбосо, аял белгиленгенден бир бөлүгүн же баарын кечип жиберсе) силер үчүн күнөө жок. Албетте, Аллаһ Билүүчү, Даанышман
وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ مِنْكُمْ طَوْلًا أَنْ يَنْكِحَ الْمُحْصَنَاتِ الْمُؤْمِنَاتِ فَمِنْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ مِنْ فَتَيَاتِكُمُ الْمُؤْمِنَاتِ ۚ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِإِيمَانِكُمْ ۚ بَعْضُكُمْ مِنْ بَعْضٍ ۚ فَانْكِحُوهُنَّ بِإِذْنِ أَهْلِهِنَّ وَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ مُحْصَنَاتٍ غَيْرَ مُسَافِحَاتٍ وَلَا مُتَّخِذَاتِ أَخْدَانٍ ۚ فَإِذَا أُحْصِنَّ فَإِنْ أَتَيْنَ بِفَاحِشَةٍ فَعَلَيْهِنَّ نِصْفُ مَا عَلَى الْمُحْصَنَاتِ مِنَ الْعَذَابِ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِيَ الْعَنَتَ مِنْكُمْ ۚ وَأَنْ تَصْبِرُوا خَيْرٌ لَكُمْ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Жана силерден кимиңер азат, ыймандуу аялдарга үйлөнүү үчүн мүмкүнчүлүк таппаса, анда кол астыңардагы ыймандуу күң аялдардан (бирден төрткө чейин) үйлөнө берсин. Аллаһ силердин ыйманыңарды(н даражасын) жакшы Билүүчү. Бири-бириңерден (тарагансыңар) Алардан (күң аялдардан) ыйбалуу, зынаа кылбаган жана жашыруун көңүлдөш тутпаган аялдарга кожоюндарынын уруксаты менен үйлөнө бергиле жана махырларын жакшылап төлөгүлө. Эгер (эрге тийип,) башы байлангандан кийин зынаа кылышса, аларга азат аялдарга берилген жазанын жарымы берилет. Бул (күңдөргө уруксат берүү) силердин араңардан бойдокчулук азабына чыдай албагандар үчүн. Ал эми, (азат аялдын махырына кудуретиңер жеткенге чейин) сабыр кылсаңар өзүңөргө жакшы. Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү
يُرِيدُ اللَّهُ لِيُبَيِّنَ لَكُمْ وَيَهْدِيَكُمْ سُنَنَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَيَتُوبَ عَلَيْكُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Аллаһ силерге (бардык адал-арам маселелерди) баян кылып берүүнү жана силерди мурун өткөн (салих-таза) адамдардын жолуна салып, тообаңарды кабыл алууну каалайт. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман
وَاللَّهُ يُرِيدُ أَنْ يَتُوبَ عَلَيْكُمْ وَيُرِيدُ الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ الشَّهَوَاتِ أَنْ تَمِيلُوا مَيْلًا عَظِيمًا
Аллаһ силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообаңарды кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (Ак Жолдон) бурулуп кетишиңерди каалайт
يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُخَفِّفَ عَنْكُمْ ۚ وَخُلِقَ الْإِنْسَانُ ضَعِيفًا
Аллаһ силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
