Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #23 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا يَحِلُّ لَكُمْ أَنْ تَرِثُوا النِّسَاءَ كَرْهًا ۖ وَلَا تَعْضُلُوهُنَّ لِتَذْهَبُوا بِبَعْضِ مَا آتَيْتُمُوهُنَّ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ ۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ ۚ فَإِنْ كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰ أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَيَجْعَلَ اللَّهُ فِيهِ خَيْرًا كَثِيرًا
О,ыйман келтиргендер! Силер үчүн (өлгөн жакыныңардын никесинде болгон) аялдарды (алар каалабаса да) мажбурлап мурас-мүлк кылып алуу адал болбойт. Жана силер (эгер аялыңарды сүйбөй калсаңар), берген махырыңардын бир бөлүгүн алып, (силерден ажырап) кетишине тоскоол болбогула. Ал эми, качан бир анык бузук иш (зынаа) жасаганда гана (махырыңарды кайрып алуу үчүн аларга тоскоолдук кылсаңар болот). Аялдар менен сылык-сыпаа жашагыла. Эгер аларды жаман көрүп калсаңар(да катуу тийбегиле. Анткени), Аллаһ силер жаман көргөн нерседе көп жакшылыктарды катып койгон болушу мүмкүн
وَإِنْ أَرَدْتُمُ اسْتِبْدَالَ زَوْجٍ مَكَانَ زَوْجٍ وَآتَيْتُمْ إِحْدَاهُنَّ قِنْطَارًا فَلَا تَأْخُذُوا مِنْهُ شَيْئًا ۚ أَتَأْخُذُونَهُ بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُبِينًا
(О, момундар!) Эгер (талагын берген) аялдын ордуна башкасына үйлөнүүнү кааласаңар жана алардын бирине (ажырашып жатканыңарга) өтө көп мал-мүлктү! (махыр кылып) берген болсоңор, ал махырдан эч нерсе алып калбагыла. Эмне, силер аны доомат жана анык күнөө (кылуу) менен аласыңарбы
وَكَيْفَ تَأْخُذُونَهُ وَقَدْ أَفْضَىٰ بَعْضُكُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ وَأَخَذْنَ مِنْكُمْ مِيثَاقًا غَلِيظًا
Кантип аны алууга батынасыңар?! Акыры, силердин бириңер (эркектер) экинчиңерге (аялдарга) (ошол махыр себептүү) жетишти эле го?! Жана (силер ажырашууну каалаган) аялдар силерден (өмүр бою камкор болушуңар жөнүндө) катуу убада алган эле го
وَلَا تَنْكِحُوا مَا نَكَحَ آبَاؤُكُمْ مِنَ النِّسَاءِ إِلَّا مَا قَدْ سَلَفَ ۚ إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَمَقْتًا وَسَاءَ سَبِيلًا
Атаңардын никесинде болгон аялдарга үйлөнбөгүлө! Ал эми, (Исламдан) мурун болгон болсо, эч нерсе эмес (ал кечирилет). Бул иш бузукулук, жийиркеничтүү жана эң жаман жол
حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَاتُكُمْ وَبَنَاتُكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ وَعَمَّاتُكُمْ وَخَالَاتُكُمْ وَبَنَاتُ الْأَخِ وَبَنَاتُ الْأُخْتِ وَأُمَّهَاتُكُمُ اللَّاتِي أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ مِنَ الرَّضَاعَةِ وَأُمَّهَاتُ نِسَائِكُمْ وَرَبَائِبُكُمُ اللَّاتِي فِي حُجُورِكُمْ مِنْ نِسَائِكُمُ اللَّاتِي دَخَلْتُمْ بِهِنَّ فَإِنْ لَمْ تَكُونُوا دَخَلْتُمْ بِهِنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ وَحَلَائِلُ أَبْنَائِكُمُ الَّذِينَ مِنْ أَصْلَابِكُمْ وَأَنْ تَجْمَعُوا بَيْنَ الْأُخْتَيْنِ إِلَّا مَا قَدْ سَلَفَ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
Силерге (төмөндөгүлөрдүн никеси) арам кылынды: апаңар (апаңардын апалары), кыздарыңар (жана бардык кыз небереңер), бир тууган эже-сиңдиңер, атаңардын (же чоңатаңардын) эже-сиңдилери, апаңардын (же чоң энеңердин) эже-сиңдилери, ага-иниңердин кыздары, эже-сиңдиңердин кыздары, көкүрөк сүтүн берген эмчек апаңар, эмчектеш эже-сиңдиңер (силер сүтүн эмген аялдын сүтүн эмген кыздар), кайненеңер, силер жакындык кылган (кийинки) аялдарыңардын (өзү менен алып келген) силердин тарбияңарда болгон кыздары. Эгер ал (кийин үйлөнгөн) аялыңарга жыныстык жакындык кылбаган болсоңор, анда (аларды талак кылгандан кийин) кыздарына үйлөнсөңөр - күнөө жок. Жана өз белиңерден жаралган уулуңардын аялдары(на үйлөнүүңөр) жана бир тууган эже-сиңдини бир убакта өз никеңерге кошуп алышыңар (силерге арам кылынды)!. Ал эми, (исламдан) мурун болгон болсо, анда эч нерсе эмес (кечирилет). Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү

Choose other languages: