Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #160 Translated in Kyrgyz

وَبِكُفْرِهِمْ وَقَوْلِهِمْ عَلَىٰ مَرْيَمَ بُهْتَانًا عَظِيمًا
Жана да каапырлыктары: (абийирдүү) Марям (кыз)га (“сойкусуң”деп) чоң доомат сүйлөгөнү үчүн
وَقَوْلِهِمْ إِنَّا قَتَلْنَا الْمَسِيحَ عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ رَسُولَ اللَّهِ وَمَا قَتَلُوهُ وَمَا صَلَبُوهُ وَلَٰكِنْ شُبِّهَ لَهُمْ ۚ وَإِنَّ الَّذِينَ اخْتَلَفُوا فِيهِ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ ۚ مَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ إِلَّا اتِّبَاعَ الظَّنِّ ۚ وَمَا قَتَلُوهُ يَقِينًا
Жана Аллаһтын пайгамбары Ыйса — Масих бин Марямды “Биз өлтүргөнбүз” - деген сөздөрү себептүү, (Биз аларды азап-каргышка жолуктурганбыз). Алар аны (Ыйсаны) өлтүрүшкөн да эмес, асышкан да эмес. Бирок, алар үчүн (башка бирөө) ага окшотуп коюлган. Ал жөнүндө талашып-тартышкандар ал (анын өлгөнү) жөнүндө шек-күмөндө болушат. Аларда божомолго ээрчигенден башка эч бир илим жок. Чынында, алар аны анык өлтүргөн эмес
بَلْ رَفَعَهُ اللَّهُ إِلَيْهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Тескерисинче, аны Аллаһ Өзүнө көтөрүп алган. Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
وَإِنْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ إِلَّا لَيُؤْمِنَنَّ بِهِ قَبْلَ مَوْتِهِ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكُونُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًا
Китеп ээлеринин бардыгы (яхудийлери да христиандары да) ага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет. Жана Кыямат Күндө болсо, ал (Ыйса) алардын (өзү жөнүндө жалган ишенимде болгондордун) зыянына күбөлүк берет
فَبِظُلْمٍ مِنَ الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ طَيِّبَاتٍ أُحِلَّتْ لَهُمْ وَبِصَدِّهِمْ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ كَثِيرًا
Биз яхудийлерге, заалым болгону, көп адамдарды Аллаһтын Жолунан тоскону себептүү (мурда) аларга адал болгон (кээ бир) таза-пакиза тамактарды арам кылдык

Choose other languages: