Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #159 Translated in Kyrgyz

فَبِمَا نَقْضِهِمْ مِيثَاقَهُمْ وَكُفْرِهِمْ بِآيَاتِ اللَّهِ وَقَتْلِهِمُ الْأَنْبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ وَقَوْلِهِمْ قُلُوبُنَا غُلْفٌ ۚ بَلْ طَبَعَ اللَّهُ عَلَيْهَا بِكُفْرِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُونَ إِلَّا قَلِيلًا
Анан, ант-убадаларын бузганы, Аллаһтын аяттарын четке какканы, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөнү жана (акыйкатты кабыл алууга чакырылганда) “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” дегени себептүү (Биз аларды азапка жолуктурдук). Жок, андай (жүрөктөрү кулпуланган) эмес, тескерисинче, өздөрүнүн каапырчылыгы себептүү жүрөктөрүн Аллаһ мөөрлөп койгон. Демек, азганасынан башкалары ыйман келтиришпейт
وَبِكُفْرِهِمْ وَقَوْلِهِمْ عَلَىٰ مَرْيَمَ بُهْتَانًا عَظِيمًا
Жана да каапырлыктары: (абийирдүү) Марям (кыз)га (“сойкусуң”деп) чоң доомат сүйлөгөнү үчүн
وَقَوْلِهِمْ إِنَّا قَتَلْنَا الْمَسِيحَ عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ رَسُولَ اللَّهِ وَمَا قَتَلُوهُ وَمَا صَلَبُوهُ وَلَٰكِنْ شُبِّهَ لَهُمْ ۚ وَإِنَّ الَّذِينَ اخْتَلَفُوا فِيهِ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ ۚ مَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ إِلَّا اتِّبَاعَ الظَّنِّ ۚ وَمَا قَتَلُوهُ يَقِينًا
Жана Аллаһтын пайгамбары Ыйса — Масих бин Марямды “Биз өлтүргөнбүз” - деген сөздөрү себептүү, (Биз аларды азап-каргышка жолуктурганбыз). Алар аны (Ыйсаны) өлтүрүшкөн да эмес, асышкан да эмес. Бирок, алар үчүн (башка бирөө) ага окшотуп коюлган. Ал жөнүндө талашып-тартышкандар ал (анын өлгөнү) жөнүндө шек-күмөндө болушат. Аларда божомолго ээрчигенден башка эч бир илим жок. Чынында, алар аны анык өлтүргөн эмес
بَلْ رَفَعَهُ اللَّهُ إِلَيْهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا
Тескерисинче, аны Аллаһ Өзүнө көтөрүп алган. Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
وَإِنْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ إِلَّا لَيُؤْمِنَنَّ بِهِ قَبْلَ مَوْتِهِ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكُونُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًا
Китеп ээлеринин бардыгы (яхудийлери да христиандары да) ага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет. Жана Кыямат Күндө болсо, ал (Ыйса) алардын (өзү жөнүндө жалган ишенимде болгондордун) зыянына күбөлүк берет

Choose other languages: