Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #134 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ يَتَفَرَّقَا يُغْنِ اللَّهُ كُلًّا مِنْ سَعَتِهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ وَاسِعًا حَكِيمًا
Эгер (эрди-катын) ажырашып кетчү болсо, Аллаһ алардын ар бирин Өзүнүн Кеңдиги (пазилети) менен беймуктаж кылат. Жана Аллаһ пазилети Кең, Даанышман Зат
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ وَصَّيْنَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَإِيَّاكُمْ أَنِ اتَّقُوا اللَّهَ ۚ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدًا
Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. (О, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллаһтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү! Аллаһ Беймуктаж жана Макталган
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык. (Бардыгы Аллаһка таянат) жана Аллаһ жетиштүү Сактоочу
إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ أَيُّهَا النَّاسُ وَيَأْتِ بِآخَرِينَ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ قَدِيرًا
О, адамдар! Эгер кааласа (Аллаһ) силерди (дүйнөдөн) кетирип, ордуңарга башкаларды алып келет. Аллаһ буга Кудуреттүү
مَنْ كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ الدُّنْيَا فَعِنْدَ اللَّهِ ثَوَابُ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ سَمِيعًا بَصِيرًا
Ким дүйнө сообун кааласа... Дүйнөнүн да, Акыреттин да сообу Аллаһтын алдында. Аллаһ Угуучу, Көрүүчү

Choose other languages: