Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #135 Translated in Kyrgyz

وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ وَصَّيْنَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَإِيَّاكُمْ أَنِ اتَّقُوا اللَّهَ ۚ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدًا
Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. (О, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллаһтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү! Аллаһ Беймуктаж жана Макталган
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык. (Бардыгы Аллаһка таянат) жана Аллаһ жетиштүү Сактоочу
إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ أَيُّهَا النَّاسُ وَيَأْتِ بِآخَرِينَ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ قَدِيرًا
О, адамдар! Эгер кааласа (Аллаһ) силерди (дүйнөдөн) кетирип, ордуңарга башкаларды алып келет. Аллаһ буга Кудуреттүү
مَنْ كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ الدُّنْيَا فَعِنْدَ اللَّهِ ثَوَابُ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ سَمِيعًا بَصِيرًا
Ким дүйнө сообун кааласа... Дүйнөнүн да, Акыреттин да сообу Аллаһтын алдында. Аллаһ Угуучу, Көрүүчү
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُونُوا قَوَّامِينَ بِالْقِسْطِ شُهَدَاءَ لِلَّهِ وَلَوْ عَلَىٰ أَنْفُسِكُمْ أَوِ الْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ ۚ إِنْ يَكُنْ غَنِيًّا أَوْ فَقِيرًا فَاللَّهُ أَوْلَىٰ بِهِمَا ۖ فَلَا تَتَّبِعُوا الْهَوَىٰ أَنْ تَعْدِلُوا ۚ وَإِنْ تَلْوُوا أَوْ تُعْرِضُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا
О, ыйман келтирген адамдар! Адилеттүүлүктү бекем кармоочу жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин, тууган-уругуңардын зыянына болсо да (жана) ал бай же кембагал болсо да, Аллаһ үчүн, туура күбөлүккө өтүүчү болгула. Аларга (силерден көрө) Аллаһ жакыныраак. (Ошондуктан) Адилет кылуу(дан четтеп), өз кызыкчылыгыңарга берилип кетпегиле. Эгер (чындыкты) бура сүйлөп, адилеттен жүз бурчу болсоңор, (билип койгула) Аллаһ силердин бардык ишиңерден Кабардар

Choose other languages: