Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #75 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ اللَّيْلَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِضِيَاءٍ ۖ أَفَلَا تَسْمَعُونَ
Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллаһ силердин үстүңөрдө түндү Кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллаһтан башка кайсы «кудайыңар» силерге нур келтире алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ النَّهَارَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِلَيْلٍ تَسْكُنُونَ فِيهِ ۖ أَفَلَا تُبْصِرُونَ
Айткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллаһ үстүңөрдөгү күндүздү тээ Кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллаһдан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! Акылыңарды иштетпейсиңерби
وَمِنْ رَحْمَتِهِ جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн пазилетинен издешиңер (тиричилик кылышыңар) үчүн Түн менен Күндүздү жаратып койгону Аллаһтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар
وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Жана ошол Күнү (Аллаһ) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?»-дейт
وَنَزَعْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا فَقُلْنَا هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ فَعَلِمُوا أَنَّ الْحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Анан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз.! Анан алар Акыйкат (кудайлык) Аллаһка гана таандык экенин билип алышат. Өздөрү ойлоп тапкан «кудайлары» жок болуп кетет

Choose other languages: