Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #74 Translated in Kyrgyz

وَهُوَ اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ لَهُ الْحَمْدُ فِي الْأُولَىٰ وَالْآخِرَةِ ۖ وَلَهُ الْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Ал— Аллаһ! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ اللَّيْلَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِضِيَاءٍ ۖ أَفَلَا تَسْمَعُونَ
Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллаһ силердин үстүңөрдө түндү Кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллаһтан башка кайсы «кудайыңар» силерге нур келтире алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ النَّهَارَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِلَيْلٍ تَسْكُنُونَ فِيهِ ۖ أَفَلَا تُبْصِرُونَ
Айткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллаһ үстүңөрдөгү күндүздү тээ Кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллаһдан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! Акылыңарды иштетпейсиңерби
وَمِنْ رَحْمَتِهِ جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн пазилетинен издешиңер (тиричилик кылышыңар) үчүн Түн менен Күндүздү жаратып койгону Аллаһтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар
وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Жана ошол Күнү (Аллаһ) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?»-дейт

Choose other languages: