Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #78 Translated in Kyrgyz

وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Жана ошол Күнү (Аллаһ) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?»-дейт
وَنَزَعْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا فَقُلْنَا هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ فَعَلِمُوا أَنَّ الْحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Анан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз.! Анан алар Акыйкат (кудайлык) Аллаһка гана таандык экенин билип алышат. Өздөрү ойлоп тапкан «кудайлары» жок болуп кетет
إِنَّ قَارُونَ كَانَ مِنْ قَوْمِ مُوسَىٰ فَبَغَىٰ عَلَيْهِمْ ۖ وَآتَيْنَاهُ مِنَ الْكُنُوزِ مَا إِنَّ مَفَاتِحَهُ لَتَنُوءُ بِالْعُصْبَةِ أُولِي الْقُوَّةِ إِذْ قَالَ لَهُ قَوْمُهُ لَا تَفْرَحْ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْفَرِحِينَ
Чынында, Каарун”? Мусанын коомунан болгон. Ал аларга (өз элине) зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле (он кишилик) күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага (мындай) деди: «Оолукпагын, Аллаһ оолуккандарды сүйбөйт!»
وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ ۖ وَلَا تَنْسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا ۖ وَأَحْسِنْ كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ ۖ وَلَا تَبْغِ الْفَسَادَ فِي الْأَرْضِ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ
«Аллаһ сага берген байлык менен Акырет коргонун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллаһ сага ихсан (жакшылык) кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) ихсан кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллаһ бузукуларды сүйбөйт!»
قَالَ إِنَّمَا أُوتِيتُهُ عَلَىٰ عِلْمٍ عِنْدِي ۚ أَوَلَمْ يَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ قَدْ أَهْلَكَ مِنْ قَبْلِهِ مِنَ الْقُرُونِ مَنْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُ قُوَّةً وَأَكْثَرُ جَمْعًا ۚ وَلَا يُسْأَلُ عَنْ ذُنُوبِهِمُ الْمُجْرِمُونَ
(Каарун) айтты: «Бул байлыктар өзүмдүн билермандыгым себептүү берилген». Ал билбейт беле, Аллаһ андан мурунку муундардан андан да күчтүү, андан да бай адамдарды кыйратып салганын?! (Булар сыяктуу) күнөөкөр адамдар күнөө-кылмыштарынан суралып отурбайт

Choose other languages: