Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #81 Translated in Kyrgyz

وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ ۖ وَلَا تَنْسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا ۖ وَأَحْسِنْ كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ ۖ وَلَا تَبْغِ الْفَسَادَ فِي الْأَرْضِ ۖ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ
«Аллаһ сага берген байлык менен Акырет коргонун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллаһ сага ихсан (жакшылык) кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) ихсан кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллаһ бузукуларды сүйбөйт!»
قَالَ إِنَّمَا أُوتِيتُهُ عَلَىٰ عِلْمٍ عِنْدِي ۚ أَوَلَمْ يَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ قَدْ أَهْلَكَ مِنْ قَبْلِهِ مِنَ الْقُرُونِ مَنْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُ قُوَّةً وَأَكْثَرُ جَمْعًا ۚ وَلَا يُسْأَلُ عَنْ ذُنُوبِهِمُ الْمُجْرِمُونَ
(Каарун) айтты: «Бул байлыктар өзүмдүн билермандыгым себептүү берилген». Ал билбейт беле, Аллаһ андан мурунку муундардан андан да күчтүү, андан да бай адамдарды кыйратып салганын?! (Булар сыяктуу) күнөөкөр адамдар күнөө-кылмыштарынан суралып отурбайт
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوْمِهِ فِي زِينَتِهِ ۖ قَالَ الَّذِينَ يُرِيدُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا يَا لَيْتَ لَنَا مِثْلَ مَا أُوتِيَ قَارُونُ إِنَّهُ لَذُو حَظٍّ عَظِيمٍ
Каарун зыйнаттары менен элине чыкканда, дүйнө жашоосун(ун ырахат-жыргалын) каалагандар: Кана эми, бизге да Каарунга берилгендей нерселер берилсе! Ал улук кут-насиптин ээси!»- дешти
وَقَالَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ وَيْلَكُمْ ثَوَابُ اللَّهِ خَيْرٌ لِمَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا وَلَا يُلَقَّاهَا إِلَّا الصَّابِرُونَ
Ал эми, илимдүү адамдар болсо: «Азап болсун силерге, ыйман келтирип, салих амал кылгандар үчүн Аллаһтын (акыреттик) сообу жакшы го! Аллаһтын сообуна сабыр кылгандар гана жетет!» (дешти)
فَخَسَفْنَا بِهِ وَبِدَارِهِ الْأَرْضَ فَمَا كَانَ لَهُ مِنْ فِئَةٍ يَنْصُرُونَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُنْتَصِرِينَ
Анан Биз аны (Каарунды) коргону менен кошуп жерге жуткуруп жибердик! Ага Аллаһтан (коргоп) жардам берүүчү жамаат болбоду! Жана анын өзү да (азапты) жеңүүчүлөрдөн болгон жок

Choose other languages: